Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:57

И.Өмүркулов: Бюджеттин аткарылышы чоң күмөн


ЖК кабыл алган 2009-жылдын бюджети жана 2010-2011-жылдардагы экономикалык өнүгүү божомолуна карама-каршы ойлор көп. ЖК депутаты И.Өмүркулов буга өкмөттүн начар иштеши башкы себеп деген ойдо.

- Иса мырза, Жогорку Кеңеш өткөн жумада 2009-жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Анда бюджеттин киреше бөлүгү 44 миллиард сомду, чыгаша бөлүгү 47 миллиард сомду түзүп, таңсыктык 3 миллиард сомго жакын болору айтылды. Бирок депутаттардын көпчүлүгү бюджетте көрсөтүлгөн сандардын турмушта ишке ашышына күмөндүгүн айтышты. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров Кыргызстан эмдиги жылы каржылык кризиске туш келип, инфляциянын көлөмү 25 процентке чыгышы мүмкүн экендигин билдирди. Бул жагдайдан алганда бюджет ушул калыбында ишке ашат деген ишеним барбы же жылдагыдай эле улам оңдоолорго туш болушу мүмкүнбү?

- Быйылкы жылдын бюджетине салыштырмалуу эмдиги жылдын бюджетинин көлөмү 2 миллиард сомдун тегерегинде гана көбөйтүлүп жатат. Эгерде быйылкы жылдагы энергетикалык кризисти, эмдиги жылдын бюджетинин көлөмүнүн 20%га кыскартылгандыгын жана жаңы жылдан тарта жаңы Салык кодексинин ишке киришерин эске алсак, сунушталып жаткан бюджеттин аткарылышы чоң күмөн. Мындан тышкары электр энергетика тармагындагы кризисти ала турган болсок ноябрь айына жана жылдын аягына чейин болжолдонгон көрсөткүчтөрдүн аткарылышы да мүмкүн эмес.

- Ушул бюджет жөнүндөгү мыйзамды талкуулоо маалында каржы министри Тажикан Калимбетова 2009-жылдагы макроэкономикалык көрсөткүчтөр өзгөрөөрүн жана өткөн 10 айдын жыйынтыгына жараша министрлик менен мекемелерге бюджет боюнча сунуштарды берүүгө тапшырма берилгендигин билдирди. Көрсөткүчтөрдүн өзгөртүлүшүнө дүйнөлүк кризис таасир берип жатабы же кыргыз өкмөтүнүн кризиске каршы даярдалган экономикалык программасынын жоктугу кириптер кылып жатабы? Мыйзамды экинчи окууда депутаттар айткан сунуштарды өкмөт эске алат деген үмүт барбы?

-Жогорку Кеңеште бюджетти кеңири талкуулоо болгон жок да!.. “Ак жол” партиясы сунушталган эле долбоорду талкуулабай эле кабыл алууга катуу аракет кылышты. Социал-демократтар фракциясынын депутаттары талкууга катышып, кемчилигин айтып, сунуштарын берейин десе дагы сүйлөгөнгө тоскоолдук кылып, кол көтөрүп жатышып биринчи окууда өтүп кетти. Эмдиги жылкы бюджеттин мына ушинтип даярдалганына бир гана өкмөттүн иштебей жаткандыгы башкы себеп. Буга дүйнөлүк кризистин таасири тийген жери жок. Өкмөттүн ички чарба уюштуруу иштеринин начардыгынан улам экономиканын өзөгүн түзгөн энергетика тармагындагы абал киши ыйлаарлык. Ошондуктан, алдыдагы кыштан кантип чыгарыбызды бир Кудай өзү билет. Буга бир гана өкмөттүн начар иши түрткү берип жатат.

-Кыргызстан өнөр жайынын өнүгүшү боюнча КМШдагы мамлекеттердин ичинен 4-орунду ээлептир, башкача айтканда, өткөн 9 айдын ичинде бул тармактагы өнүгүү 8,6 процентти түзүптүр. Бирок, кесипкөй адистер реалдуу экономикада абал начар, ички дүң продукциянын көлөмү 9 айда 6,6 процентти түздү деген менен мындай көрсөткүч Кыргызстанды сырье гана бере турган өлкөгө айлантат деп айтып жатышат. Мындай божомолдор 2010-жылы бюджеттин көлөмү 47 миллиард сомду, 2011-жылы 53 миллиард сомду түзөт деген божомолду актай алабы?

-Актай албайт. Кийинки 3 жылды тим кое туруп, эмдиги жылдын бюджетин гана аткарып алалычы! Өкмөттүн антикризистик программасы, ал тургай эмдиги жылдын бюджетин сунуштап жатып аны аткарууга негиз берчү экономикалык программасы жок. Анан эмнени сунуштап, эмнени ишке ашырабыз деп жатышканы белгисиз. Демек ал божомолдор ишке ашпайт деп толук ишеним менен айта алабыз.

XS
SM
MD
LG