Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Алтын өндүрүш: бирөө иштеп, калганы талашта


Эгемендик жылдардын ири долбоору - «Кумтөр» алтын кени
Эгемендик жылдардын ири долбоору - «Кумтөр» алтын кени

Кыргызстан экономикасынын өнүгүшү көбүнесе «Кумтөр» алтын кени кошулуп же кошулбай сыпатталат.

Өкүнүчкө, эгемендик жылдары «Кумтөрдөн» башка ири алтын кендери ишке киргизилген жок. Экономикалык маселенин саясий өң-түс алып кетишинин салакасы тоокен өндүрүшүнө көбүрөөк тийүүдө. «Кыргызалтын» компаниясынын мурдагы вице-президенти Максат Жээналиев менен кабарчыбыз аңгемелешкен. Ошого көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Экономика менен саясаттын аралашмасы

- Максат мырза, алтын кен өндүрүшүнүн проблемалары көптөн бери чечилбей келатат. Анын себеби эмнеге байланыштуу болду?

Максат Жээналиев: - Ири алтын кендердин көбүнүн эмнеге иштебей жатышынын көп себептери бар. Менимче, анын себеби тоокен өндүрүшүнө саясаттын кийлигишип калганы болду окшойт. Саясатташты – бүттү, иш токтолот экен. «Жерүйдү» айтып атпайсызбы, ошол саясатка белчесинен батып калган. Ошонун айынан ири кендер иштебей келатат. Анан президенттердин айланасындагы адамдардын бул ишке киришип кетиши да чоң тоскоол болду. Негизги эки чоң маселе ушул деп эсептейм.

- Мына кыйла жылдык талаш-тартыштан соң «Кумтөр» алтын кен компаниясынын акцияларынын 33% Кыргызстанга тийди. Ошонун салымы кыргыз экономикасында сезилип жатабы?

Максат Жээналиев: - Мындан эки жыл мурдагы ошол жетишкендигибизге биз да аябай кубанганбыз. Эми андан бери компаниянын акчасынын канчасы бюджетке, канчасы элге, канчасы аймакка түшүп атканы ачык эле жазылып жатпайбы. Анан жанагы 33% акция бизге тийгенден бери деле алардын баасы аябай өстү. Аны биз көрүп атабыз. Мына революция болуп кетти. Казынага түшүп аткан акчаларды ким көзөмөлдөп жатканын айткан деле киши жок. Негизи бизге көп пайда түшүш керек.

Чаткалда алтын кени көп

- Максат мырза, кийинки кездери Ала-Букадагы «Иштамберди» алтын кенинин айланасында да сөз болуп жатат. Мына ушул кендин иштетилиши кандай абалда турат?

Максат Жээналиев: - «Иштамберди» запасы жагынан ири кендердин катарына кирет. Азыр ал кандай иштетилип жатканын мен чынында айта албайм. Бир жылдан бери башка жакта иштеп жатам. Бул кен кытайларга берилген. Мунун айланасында да саясат болуп кетти. Ага инвесторлордун кызыгышы алтын казып алуунун оңойлугу, курамында алтындын көптүгү менен түшүндүрүлөт. Эми анын айланасында бүгүнкү күндө болуп жаткан иштерден чыны кабарым жок.

- Тармактагы абалды сиз жакшы билесиз. Анын абалынын кандайлыгы көп жагынан ал жерге ким жетекчи болуп келишинен, анын адистик, уюштуруучулук жөндөмүнөн да болот. Мына быйыл тармак жетекчилиги жаңыланды. Ал ишин мыкты билген тармак адисинен болдубу же кайсы бир партиянын колдоо-жөлөгү менен келген кишиденби?

Максат Жээналиев: - «Кыргызалтындын» азыркы жетекчилиги жөнүндө толук маалыматым жок. Менин билгеним ал киши алтын кен өндүрүшүндө иштеген эмес. Угушумда акыркы жылдары көмүр өндүрүш тармагында иштеген экен. Кызматка келиши тууралуу аркыл миш-миштер айтылууда. Кээ бирөөлөр социал-демократттар аркылуу келди дешсе, айрымдар «Туран» партиясынын колдоосу менен келиптир дешет. Антип аркыл сөздөрдүн айтылышы кийинки жылдары номенклатуралык жылыштардын жоктугнан улам чыгууда.

- Алтын өндүрүш тармагынын жетекчиси аны мыкты билген адистен болсо дурус болмок. А бирок, «Жерүй», «Андаш», «Талды-Булак сол жээктин» эмдигиче иштетилбей келатышынан кыргыз экономикасы тарткан зыяндын болжолдуу эсебин айтса болобу?

Максат Жээналиев: - Андан Кыргызстан экономикасы канча киреше алалбай калганын эсептеп чыккандар деле жок. Лицензия алган компаниялар лицензиялык келишимди аткарышса, албетте, абал башкача болмок. Мына «Кумтөр» эле Кыргызстан бюджетинин кыйласын берип жатат. Ушундай эле деңгээлдеги киреше «Жерүйдөн» деле түшмөк. Эки маселенин саясат менен экономиканын аралашып кеткенинен ушундай иштер болуп жатат. Мына бүгүн да «Жерүйдүн» айланасында кайрадан талаш козголо баштады. «Oxus Gold” компаниясы кайрадан ишти баштап, казакстандык «Визор» компаниясы менен териштирүүгө киришүүдө. Бул талаштын чечилиши канча жылга созуларын айтыш кыйын. «Андаштын» айланасындагы маселе да чечилбей турат. Ал жерде чынында эле маселе бар. Алтын кен айылга өтөле жакын. 3 чакырым. Мындай шартта алтын кенин иштетүү кыйын. Айыл эли чырылдашынча эле бар.

- Максат мырза, ырахмат! Ишиңизди ийгилик жылоолой жүрсүн!

XS
SM
MD
LG