Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

“Эл үнү” : Шайлоонун таза өтөрүнө калайык ишенбейт


27-марттагы оппозициянын жыйыны
27-марттагы оппозициянын жыйыны

"Азаттыкка" келип же телефон чалып арыз-арманын айтып, ой-пикирин бөлүшкөндөрдүн басымдуу бөлүгү шайлоонун таза өтүшүнө ишенбестигин белгилешүүдө.

Гулнара Исбасарова ( Талас шаары):

- Мен бул шайлоого ишенбейм, экинчиден шайлоо комиссиялары суроо-талапка жооп берээрлик түзүлгөн жок. Башынан эле ээрге кыйшайып отургандан кийин анын акыркысы кандай болот деген кооптонуу бар. Негизи муну элге жайылтып, мына ушундай комиссия түзүлөт деп тааныштыруулары керек эле, бирок андай болгон жок. Баягыдай эле өз билген талкандарын чалып атышат. Кимдир бирөөгө балким бул керектир, ошого ыңгайлуудур...

Арген Кумаров (Чүй)

- Кыргыз элинин алдында чоң иш турат, шайлоо деген. Биз баарыбыз татыктуу талапкерди тандап алсак болмок. Бирок буга чейинки шайлоолор көрсөткөндөй биздин добушубузду дагы бурмалап, айрымдар өз кызыкчылыгына пайдаланаарын билип турам. Андыктан Президенттик шайлоонун таза өтүшүнө ишенбейм. Биз каалаган айрым ишенчиликтүү адамдар шайлоого катышпастыгын билдирип жатышат. Өзгөчө Ө. Текебаевдин жарышка чыкпагандыгына абдан өкүндүм, кандай болгон күндө да эл ишенген татыктуу адам ошол гана болчу.

Наркыз Шералиева (Жалал- Абад):

- Азыр бийлик кудайдан да коркпой калды. Биз пикетке чыккан сайын, биз сабалган сайын бирөөлөр кызматтарды алып, Бишкектен жерлерди алып, байып атышат. А мен 1984 –жылы туулган балама ушу кезге чейин жер ала албай жүрөм. Акча берсе, жер берилет. А менин эжем 38 жыл иштеген кызматта ,балам экөө жер ала албай, там сала албай отурат. Карапайым элди ким ойлойт?

Сыргабек Молдобаев (Талас):

- 27- мартта оппозициянын өткөргөн акцияларына мен мисалы канааттанган жокмун. Себеби булардын баштары бириккен жок. Баары эле мен президент болсом, мен президент болсом дегендей эле болуп калды. Булар баштары биригип бир лидерди алып чыкмайын ийгиликке жетпейт. Ө.Текебаев шайлоодон баш тартканы өзүнүн жеке оюу болсо керек. Бирок өткөндө “Азаттыктын” таңкы маектеринин биринен, “эгер эч кандай лидер чыкпаса, мен ойлонуп көрөйүн», - деген оюн айтты. Мен да түшүнбөй калдым, бул оюнбу же эмне экенин, койсо шыр эле койсо болмок, чечкиндүү иш аракет жасап.


Шамил Мурат( Талас): "Жаштарга качан көңүл бурулат?"


- Мамлекеттик деңгээлде жаштардын маселеси чечилген да каралган да жок! Жаштардын азыр бир эле максаты бар, алар Кыргызстандан түңүлүп калышкан. Эптеп эле 9-классты бүтүп, 10-классты бүтүп, аттестат алып башка чет мамлекетке барыш керек, эптеп иштеш керек дешет. Биздин мамлекет кам көрбөсө эмне кылат анан, өтө начар азыр жаштардын тагдыры. Мамлекет жардам бериш керек. Тилекке каршы андай иш аткарылбайт. Жаштардын маселесин негизи айылдардан башташ керек. .

Исмаил Хасанов(Жалал- Абад): Мамлекет башчылары элди ойлосо пахтага кардарларды таап бербейби?”

- Жаныбыздагы Өзбекстандын 25 миллион элине 12 облус бар. Анын ар бирине эки миллиондон ашык адам туура келет. А бизде беш миллион элге жети облус. Курманбек Салиевич 2005 - жылкы платформасында административдик реформа жасайм деген.

Административдик реформа болгондо Өзбекстанга окшотуп 2 миллион эмес бир жарым миллиондон кылып кыскартып, кийин экономиянын эсебинен айлык пенсияны көбөйтүп койсо болбойт беле?

Байлыгыбыздын көптүгүнөн эмес да бул! Райондун 70 пайыз жерине буудай айдалат. Пахтаны сатып алчу кардарлар келбей, ортомчулар көбөйдү. Буудайды көбөйтүп ийдик, кийинки жылы ал беш сом болот. Үч тонна буудай алсаң 15 миң сом,15 миң сом менен үй-бүлөө багууга болобу? Мамлекет башчысы, министрлер элди ойлосо пахтага кардарларды алып келип, элге жардам кылбайбы?

Исмаил Хасанов козгогон көйгөйгө район акими Турдумамат Сагындыков төмөндөгүдөй жооп берет:

- Облустарды кыскартуу боюнча атайын өкмөттүк программа иштелип чыккан. Ал 2010-2011-жылдары ишке ашат. Райондор бири-бирине кошулат. Кыргызстанды Өзбекстан менен салыштырууга болбойт. Алардын инфраструктурасы бөлөк. Ал эми буудайдын көп эгилгени элге жакшы, токчулук болот. Дыйканчылыкка камкордук көрүлүп атат. Пахтадан деле жакшы пайда тапкандар көп.


XS
SM
MD
LG