Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:08

Кыргызстандык футболчу кыздар Азия кубогу үчүн ойнойт


Кыргыз кыз-келиндер мурда топ тээп, катыша баштады. 2010-жылкы Азия Кубогуна талапкерлерди тандоо мөрөй талашуусуна жолдомо алышты.

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер тандалма командасы Азия-2010 кубогунун талапкерлерин тандоо мелдешинде Өзбекстандын командасы менен ойномок болду. Себеби кыргызстандык кыз-келиндер командасы менен беттешүүчү топто ойноодон Бангладеш өлкөсүнүн командасы баш тарткан. Ошондуктан Малайзиядагы Азия футбол конфедерациясынын штабында кайрадан чучукулак кармалып, Кыргызстандын атаандаштары аныкталды.

Өлкөнүн жаштар тандалма командасынын башкы машыктыруучусу Токтогон Элтиновдун пикиринде кыргызстандык футболчу кыздардын аттандаштары күчтүү болуп калды.

-Аталган таймашта өзбекстандык кыз-келиндер командасы кыргызстандыктар үчүн башкы атаандаштардан болуп эсептелет. Күчтүү аттандаштарга туш болгону абдан кейиштүү. Анын үстүнө кыргызстандык кыз-келиндер командасы эл аралык мелдештерге көп катышкан жок. Тажрыйбасы да аз. Ошондуктан аларга кыйын болчудай. Бирок үмүттү үзбөй туралы, балким алдыңкы уч орундун бирин ээлеп калышы да ыктымал.

Азия футбол конфедерациясынын чечими боюнча 2010-жылкы Азия кубогуна талапкерлерди иргеп алуу мелдештери Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда ушул жылдын 25-апрелинен 3-майга чейин өткөрүлөт.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарына түшүнүктүү болсун үчүн маалымдап коелу. Кыргызстан менен Өзбекстандан сырткары Иордания, Мальдив аралдары жана Палестинанын командалары катышат. Мында алдыга чыккан үч команда тандоо туру жок эле катыша турган башка алты команда менен финалга жолдомо алуу үчүн таймашты улантышат.

Алар “А” тобуна Тайван менен Мьянма, “В” тобунда Тайланд жана Иран өлкөлөрү болсо, ал эми “С” тобунда алдыга озуп чыккан Гонгконг жана Вьетнам мамлекеттеринин кыз-келиндер командалары менен үчтөн топту түзүшүп, беттешет. Ушул үч топтун жеңүүчүлөрү гана финалдык таймашууга укук алышат.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар жана юридикалык бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында кыргызстандык кыз-келиндер командасы өз тобунда алдыңкы үч орундун бирин ээлеп, экинчи этабка чыгышы толук ыктымал.

-Кыз-келиндер командасын башкы машыктыруучу Гүлбара Үмөталиева машыктырып, жакшы даярдык көрүшүүдө. Алар балким баш байге үчүн таймашууга жолдомо утуп алышы да мүмкүн.

Эске сала кетсек, былтыркы Азия-2008 кубогунун жыйынтыгы боюнча 5 мыкты командалары эбак аныкталып, 2010-жылкы финалдык беттешүүлөргө жолдомо алышкан. Алар Корея Элдик-демократиялык Республикасы, Кытай, Жапония, Австралия жана Түштүк Кореянын кыз-келиндер командалары болуп саналып, финалдык таймашууга укук алышкан.

Мурда Кыргызстанда футбол боюнча кыз-келиндердин “Азалия” командасы гана болсо, жыл өткөн сайын бул оюнга кызыккан кыздардын катары арбып, Баткен облусунан башка бардык облустарда командалар түзүлдү.

Кыргызстандын футбол боюнча тандалма командасынын катарында ойногон Светлана Покачалова расмий мелдештерде атаандаштарынын дарбазасына 100дөн ашуун топ киргизүү менен башкаларга үлгү болуп келүүдө.

Ошондой эле кыргыз футболунан таалим- тарбия алган Нармина Рзаева учурда Азербайжан өлкөсүнүн мыкты футболчу кызы аталган.
Ал эми үй-жайы жок кыз-келиндер арасында былтыр Австралияда өткөрүлгөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын командасы жарым финалга чейин жетип, үчүнчү орун үчүн беттешүүдө Колумбиянын кыз-келиндер командасын утуп, коло медалдын ээси болушкан.

Ушул үчүнчү орун үчүн таймашууда Бегимай Сакебаева колумбиялыктардын дарбазасына 6 топ киргизүү менен атайын сыйлыкка арзыган. Ошентип, мурда топ тебүүдөн уялган кыргыз кыз-келиндер учурда эл аралык аренада таанылып, футбол дүйнөсүнө аралаша баштады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG