Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:11

Кыргызстанда 19-футбол чемпионаты башталды


Быйыл жогорку лигада жаңы уюшулган 4 команда да күч сынашат.

Жыл өткөн сайын дүйнө жүзүндө футболдун таасири артып баратканы жалпыга маалым. Быйыл Түштүк Африкада жайында өтчү дүйнө чемпионатынын оюндарын футбол күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Тилекке каршы Кыргызстанда футболго өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келатканын, футбол боюнча улуттук долбоордун зарылдыгын “Аалам” гезитинин башкы редактору Бактияр Шааматов белгиледи.

Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону “Дордой- Динамо” командасы менен биринчи Лиганын чемпиону Бишкектин “Шер” командасынын беттешүүсү менен өлкөнүн 19-чемпионаты башталды.

Оюндун эки таймында тең Бишкектин “Дордой-Динамо” командасы үстөмдүк кылып турушту. Натыйжада 9:0 эсеби менен дордойчулар “Шер” командасын утуп, алгачкы 3 упайга ээ болушту. “Дордой” командасынан чабуулчу Юрий Волос айырмаланып, бул оюнда атаандаштарынын дарбазасына 4 топ киргизүүгө үлгүрдү.

Жогорку лигадагы экинчи беттешүү 28-мартта Канттын “Абдыш-ата” командасы менен Карабалтанын “Химик” командасынын ортосунда болду. Мында дагы канттык тажрйыбалуу футболчулар жаңы түзүлгөн “Химик” командасын ири эсеп 9:0 эсебинде утуп, алгачкы 3 упай топтоого жетишти.

Өлкөнүн быйылкы футболдук 19- чемпионатына 9 команда катышып жаткандыктан беттешүүлөр төрт айлампа менен өткөрүлмөк болду. Кыргызстандын футбол федерациясынын жогорку лигада мелдештерди өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Дастан Конокбаевдин айтымында быйылкы таймашууларга жаңы уюшулган дагы төрт команда күч сынашмак болушту.

Түндүк аймагынан мурда Нарын облусунун атынан намыс талашкан “Дордой-Динамо” командасы быйыл Бишкектин атынан чыгууда. Канттын “Абдыш ата”, Бишкектин “Шер” , Кара-Балтанын “Химик” жана Бишкектин айтылуу “Алга” командалар жогорку лигада мөрөй талашууда.

Түштүктөн да төрт команда жогорку лигада ойной баштады. Алардын катарында Кара-Суунун “Жаштык-ак алтын”, Камбар-Атанын “Кара-Көл”, Кочкор-Атанын “Нефтчи” жана Ош шаарынын “Алай” командалары баш байге үчүн күч сынашмакчы.

Эгерде каражат маселеси чечилсе Аравандын “Ак жол” командасы да жогорку лигада ойноп калышы мүмкүн.

Кыргызстанда көзгө көрүнгөн мыкты командадан ар жыл сайын 7-8 оюнчу жакынкы чет өлкөлөргө кетүүсү адатка айланып баратат. Казакстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын футбол клубдарында кыргызстандык жигиттер ойноп жүрөт.

Быйыл келишимди бузуп, Тажикстанга кетип калган “Додойдун” эки жалданма оюнчусу Эл аралык футбол федерациясынын эскертүүсү менен кайра Бишкекке кайрылып келүүгө аргасыз болду.

Кыргызстандын футбол чемпионатында жогорку лигада мурда 12-14 командалар ат салышып келсе , быйыл 9 команда гана ойномокчу.
Мурда кыргыз футболунун сыймыгы болуп келген «Алга» , «Алай -Гүлчө» , «Семетей» , «Спартак», «Ротор», «Достук» жана башка командалардын аты да, заты да жоголду.

«Алга» командасы кыргыз футболунун башаты, булагы болуп келсе, кийин тарап жок болгон. Быйыл гана ардагерлердин демилгеси менен кайрадан “Алга” командасы түзүлүп, Бишкек шаарынын намысын коргоого бел байлады.

Мурда завод- фабрикалар кармап келген «Химик», «Инструментальшик», «Сельмашевец» , «Шахтер» командаларынын кендири эбак кесилген.

Эки жолу Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган «Кант-Ойл» дагы тарап , мыкты оюнчулары Орусия жана Казакстанга кетип калышкан. Алардан кийин лидер болгон «А и К» командасы да алыска узабады .

Кыргыз футболунда Кадамжайдын «Металлургу» үмүт жандырганы менен 2 жылдан кийин жоголду . Кыргыз дене тарбия академиясынын «Шумкар» аттуу командасы дагы канатын кайрып , алып алыска уча албады.

3 жыл катары менен Кыргызстандын чемпиону болгон Бишкектин «Динамосу» Өмүрбек Кутуев Ички иштер министрлигинен кеткенден бери баш көтөрө албай, өз алдынча команда боло албай калган.

Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган Бишкектеги абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн «СКА ПВО» командасы да жок болду.

Быйылкы чемпионаттын өзгөчөлүктөрү жөнүндө өлкөнүн футбол федерациясынын жогорку лигадагы мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Дастан Конокбаев мындай деди:

-Быйылкы чемпионат 4 айлампа менен өткөрүлүп, мыктылар иргелип тандалат. Көп упай топтоого жетишкен командалар 4- айлампада Супер лигада чемпиондук үчүн күч сынашат. Көп жылдан бери Чүй облусунун намысын коргоп келаткан Канттын «Абдыш ата» футбол командасы быйыл чемпиондук үчүн катуу аракет кылчудай. Себеби бул команданы эки жылдан бери голландиялык машыктыруучу даярдап, жаштарды тарбиялап жатат. Канттык жаш жигиттер келечегинен үмүткөр кылып койду. Жаш таланттуу балдардан куралган Бишкектин айтылуу “Алга” командасы да жогорку лигада ат салышып, чоңдор менен теңтайлашып, тажырыйба топтой баштады. Бардык маселе каражатка байланыштуу болгондуктан жогорку лигада аз команда гана ойноп, айрымдары чемпионаттын аягына чейин чыга албай калууда.

XS
SM
MD
LG