Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Тоокендеги өкмөттүн өлчөлүү сырлары


А.Атамбаев өкмөттү жетектеп турган кезде алтын кенге атайы барган. 17-ноябрь 2007-жыл.
А.Атамбаев өкмөттү жетектеп турган кезде алтын кенге атайы барган. 17-ноябрь 2007-жыл.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Игорь Чудинов «Кумтөр» алтын кен долбоору боюнча жаңы келишимдер түзүлгөнүн парламентте билдирген. Ал өкмөттүк жыйында каралган соң парламентке сунушталат. Учурунда Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү кол койгон ушундай эле келишимдер парламенттен жактырылбай калган.

Тоокен тармагындагы талаштар эгемендиктин алгачкы жылдарында четке ташылып кеткен алтындардан, анан башталгандан эле күрөш-тирештин ордосуна айланып калган “Кумтөр” долбоору ишке кирип-кирбей эле башталган. Он жыл иштегенден кийин Кыргызстан ээлигине өтүп калчу ишкананы 2003-жылдын соңунда Н.Танаевдин өкмөтү жаңы түзүлгөн канадалык
“Centerra Gold Inc.” компаниясына кошууга макул болуп, жаңы түзүмдүн 33% акциясына ээ болуп, көп өтпөй анын тең жарымын 84 миллион долларга сатып ийген.

Ал эми 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин канадалык компания, корпорация менен келишим түзүү боюнча бир нече ирет жумушчу топтор түзүлүп, 2007-жылы А.Атамбаев өкмөттү жетектеп турган кезде иш аягына чыгып, ортолук документтер эки ирет парламентке сунушталган. Депутаттардын колдоосуна ээ боло албай калган мурдагы келишим боюнча «Кумтөр» алтыны түгөнгүчө Кыргызстан 2 миллиард 462,7 миллион доллар алмак. Игорь Чудинов өкмөтү түзгөн келишимдер жактырылып калса 2026-жылга чейин Кыргызстан алчу кирешелер өлчөмү 3 миллиард 432 миллион долларды түзөт.

- Башкача айтканда, биз Кыргызстандын кирешесин 10 эсе көбөйттүк. Мындан тышкары биз 2008-жыл үчүн бир жолу төлөнчү 950 миллион сом алганы турабыз,- деп билдирди өкмөт башчы Игорь Чудинов.

Жаңы келишимдерге ылайык Кыргызстандын “Centerra Gold Inc.” компаниясындагы акцияларынын көлөмү 33% чыгат. Мындан сырткары «Кумтөр» алтын кени 18 салык төлөп, кыйыр салык төлөөлөрдөн бошотулбайт. И.Чудинов канадалык компания кыргыз өкмөтүнүн мойнунда илинип турган 4,5 миллиард сом карыз акчаны кечип салганын кабарлады. Өкмөт 1998-жылкы экологиялык кырсыктын кесепеттерин жоюу милдетин моюндап, карыз акчаны канадалык компаниядан алган. Кезинде «легендарлуу парламентте» алтын маселесин козгоп чыккан академик Шергазы Мамбетовдун ырасташынча, Кыргызстан «Кумтөр» алтын кенинен күткөн кирешени алалбай келатат.

- Жанагы Танаевдер бузуп кетпедиби. Н.Танаев менен А.Акаев. «Центерраны» түзбөш керек эле. Башкы келишим боюнча 10 жыл иштегенден кийин долбоорду башкаруу биз жакка өтүшү керек болчу. Ошону жасабаш үчүн булар ошону ойлоп таба койду.

Ш.Мамбетов тоокен тармагы боюнча кыргыз өкмөтү жашырын чечим кабыл алып, улам бирөөнө өткөрүп, 20 жылга жакын убактан бери даяр нерселерди жакшы иштете албай келатат, деген пикирде. Ошондой бир колдон экинчисине өткөрүүнүн айынан «Жерүй» алтын кенинин айланасындагы талаш эмдигиче токтоло элек. Өкмөт башчы И.Чудинов инвестициялык планын аткара албай жаткан «Жерүйалтын» компаниясынын лицензиясын сот аркылуу кайтарып алуу аракети көрүлө тургандыгын, ушундай эле мамиле «Талды-Булак» алтын кенине карата да жасала тургандыгын билдирди. «Талды-Булак» алтын кен компаниясына тарыхый чыгымдар үчүн төлөнгөн акчасы кайтарылып берилмекчи.

«Жерүйалтын» кен компаниясынын пресс-кызматынын жетекчиси Наталья Крек иш ыраатында жүрүп жатканын маалымдап, өкмөт башчынын кабарын биринчи угуп жатканын билдирди.

- Бизде баары жайында. Белгиленгенден четке чыгып кетүү боло элек. Баары график боюнча жасалууда. Өкмөт план берген. Биз ошол боюнча иштеп жатабыз.

Ал арада “Centerra Gold Inc.” компаниясы жаңы келишим негизинде кыргыз өкмөтү менен иштешүүгө даяр экенин, кызматташуунун жаңыча шарттарын белгилеген келишимдер жакынкы аралыкта жактырылып калышына үмүткөр экенин жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG