Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы, муфтийдин орунбасары Мабетасан-ажы Ибраев азыр Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабын да жетектеп аткандыктан, шаршемби күнү оболу ошо кишиге байланышка чыктык. Кыргызстандан барган зыяратчылар, алдын ала түзүлгөн келишим боюнча, Мекеде соопчулукка берилген, бекер мейманканаларда жатышат.
Мамбетасан-ажы Ибраев бекер мейманканалардын шарт-жагдайын мурунку жылдарга салыштырып кеп кылды:
- Ар бир ажынын жаткан жерине чейин көрүп чыгуудабыз. Мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы. Мисалы, ошол 5, 6, 9 кабаттуу акысыз мейманканалардын ар бир кабатына өздөрүнүн дарыгерлерин да коюптур. Керек кезде зыяратчыларга медициналык жардам көрсөтүшүүдө. Дарыгерлер биздин штабда дагы бар.
- Мурда ошол мейманканалардын керебети да болчу эмес экен, быйылчы?
- Быйыл толук керебеттерди коюп чыгышыптыр. Жаңы төшөк, жаңы шейшеп дегендей... Мурда жерге – полго эле матрацтарын, төшөктөрүн жая салып жатып алышчу. Ажыларды жерге жатканга болбойт деген – бул Саудиянын да талабы.
- Мамбетасан-ажы. Кыргызстандык зыяратчылардын арасында өзүнчө мейманканага жатам, өзүм төлөйм дегендер, Каабатулла жактагы кымбат мейманканаларга которулчулар же беш, төрт жылдыздуу мейманкана талап кылгандар барбы?
- Жок азырынча. Бир күнү сурап көргүлөчү дегенинен – айрым нерселерди билдик. Каабатулла жактагы, өтө деле жакын эмес, мейманканалардын бир бөлмөсүнө төрт керебет коюлат экен, бир орундун бир күндүк баасы 500 доллардан жогору экен. 25 күн жатса – канча болот? Ошол орундар да толуп калды деп атышат. Биздикилердин алы жетпейт ага...
- Бүгүнкү күнгө канча кыргызстандык зыяратчы жетти Мекеге
- 3500дөй.
Андан кийин биз Мекеге ажылык зыяратка барган Кабылбек Нарынбаев менен сүйлөштүк. Анын айтуусунда, мейманканада үч маал атайын тамак, ортолуктарда жеңил тамак, чай-пай берилип турат. Зыяратчылар дээрлик убактыларынын баарысын ибадат иштерине арнашып, башка бирөөлөр менен кең-кесири сүйлөшкөнгө деле убакыт боло элек.
Ал эми быйыл Мекеге биринчилерден болуп зыяратчыларды алпарган жалал-абаттык ажы башчы Дилмурат-ажы Орозов кыргызстандык зыяратчыларга быйыл атайын жасатылган бирдей, окшош кийимдер абдан жарашыктуу экендигин белгиледи:
- Быйылкы формабыз былтыркыдан кыйла сонун. Аркасында “Кyrgyzstan” деген жазуу бар. Көкүрөк чөнтөгүндө Кыргызстандын желеги, анан жанагы жазуунун кичирейтилген түрү. Аялдар жоолук менен. Кийимдерибиз каймак өңүндө. Бардык элдин ичинде кыргызстандыктар өзгөчө көрүнүп турат.
Быйыл ажыга баруучу кыргызстандыктардын акыркылары Бишкек менен Оштон Мекеге карай 30-ноябрда сапар алышат учак менен.