Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Ажылык жана чочко тумоосу


Саударабстан ажыга чочко тумоосуна каршы эмдөө алгандар гана келсин деген талап коюуда. Бирок андай дары жоктугу маселени татаалдантууда.

Ажыга чочко тумоосуна каршы эмдөө алгандар гана келишсин деген Саударабстандын талабын быйылкы ажылык иштерин уюштурууга милдеттенген Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы түшүнүү менен кабыл алдык дейт муфтий Мураталы-ажы Жуманов:

- Саударабстандын ажылык министрлигинен бизге кат келген Тышкы иштер министрлиги аркылуу. Ажыга бара турган адамдар эмдөөдөн өтсүн атайын деп. Болбосо миллиондогон адамдар түрдүү өлкөлөрдөн келген а жерде жанагы аты жаман тумоо жугушу мүмкүн экен да. Туура маселе коюлуп атат.

А бирок чочко тумоосуна каршы эмдөө жүргүзүү үчүн Кыргызстанда вакцина жок. Бул көйгөй тиешелүү медицина тармагын да, Кыргыз өкмөтүн да катуу ойлондурууда. Андай вакцинаны чыгарыш үчүн Орусия менен АКШнын ири илим изилдөө институттары эми камынып жатыптыр. Чыккандан кийин аларга Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму корутунду бериш керек экен пайдаланууга болот деп. Ал иштердин баарысы качан аткарылат, ажылык зыяраттар аткарылчу курман айт болсо быйыл декабрдын башына туура келет...

Республикабыздын башкы санитардык дарыгери Сабиржан Абдыкеримовдун айтуусунда, бул маселе өкмөттүк комиссияда да талкууланып, андан кийин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнө: “Же Саударабстан талабын башкача өзгөртсүн. Же силер корутундусу менен вакцина таап бергиле,” – деген сураныч киргизилген.

Соңку кездери чочко тумоосу менен дүйнөдө 200 миңдей адам ооруп, алардын ичинен 1700дөн ашыгы кайтыш болгон. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректири Каныбек Осмоналиев болсо чочко тумоосуна каршы вакцина бир эле Кыргызстанда жок эмес экендигин, ажыга да бир эле Кыргызстандан сапар алышпагандыгын эскертүү менен, маселе бир катар мамлекеттер үчүн комплекстүү чечиле тургандыгын эскертти.

Ал эми Бишкек шаар тургуну Тургунбү Жаркынбаева:

- Мекеде чочко тумоосу жугушу мүмкүн десе айрымдар быйыл ажыга барбай коёт ко,
- деген пикирде.

Дүйнөдөгү айрым маалымат булактары да чочко тумоосу быйылкы ажылыкка кыйла тоскоол этиши, бери дегенде ишти татаалдандырышы мүмкүн экендигин белгилей башташты.

XS
SM
MD
LG