Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Бишкекте донор каны таңсык болуп жатат


Бишкектин ооруканаларында оор акыбалдагы оорулуулардын саны көбөйүп, кан көп талап кылынууда.
Бишкектин ооруканаларында оор акыбалдагы оорулуулардын саны көбөйүп, кан көп талап кылынууда.

Бишкекте Кан куюу борбору канды жетиштүү өлчөмдө камсыздай албай, кан сурап элге кайрылууда.

Негизи эле Кан куюу борбору Кыргызстанда ыктыярдуу кан берүүчүлөрдүн аздыгынан жогорку окуу жайларына, аскер бөлүктөрүнө көчмө топтор менен барып, жаштарды кан донорлугуна – соопкерчилик иш жасоого үндөшөт. Бишкектеги республикалык кан куюу борборуна ушул жылдын июнь айына чейин күнүнө 50-60 адам кан берип келген болсо, учурда күнүнө 20-30 гана адам кан берип жатат. Кан жетишсиздиги боюнча Бишкектеги абалга республикалык кан куюу борборунун директору, башкы трансфузиолог Мухаметалим Турсунбаев төмөнкүчө токтолду:

- Бишкектин ооруканаларында оор акыбалдагы оорулуулардын саны көбөйүп, кан көп талап кылынууда. Ошону менен эле бирге эл канды өтө аз тапшырып жатат. Донор каны өтө кескин азайып кетти. Ал эми кан талап кылуу эки-үч эсеге өстү. Кандын жетишсиздигинен көп операциялардын мөөнөтү жылдырылып, абалы кескин төмөндөгөн, каны агып токтобой жаткан оорулууларга гана араң жеткирип калдык.

Борбордогу кан жетишсиздигинен улам, оорулуулардын тууган-уруктарынан кан алынууда. Албетте, бул канды оорулууга дароо куюуга болбойт. Кан ар кандай жугуштуу дарттарга карата текшерүүдөн өтүп, толук анализден чыкканча 3 күн өтөт. Буга түшүнбөгөн кан берүүчүлөр да болуп жатат:

- Канды алгандан кийин үч күнгө чейин канды ВИЧ СПИДге, сарыкка жана дагы башка ооруларга текшерип чыгабыз. Бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана муздатып, тоңдурчу бөлүгүн тоңдуруп, анан гана беребиз. Ал эми элдин чыдамы кетип калууда. Кан бердим, дароо бер дейт. Кан берүүчүлөрдүн саны аз болуп же бергендеринин резус-фактору туура келбей кыйын акыбал болуп жатат. Ошондуктан басма сөз каражаттары аркылуу элге кайрылууга туура келүүдө,-
дейт М. Турсунбаев.

Ал эми оорулуулардын өзгөчө жай мезгилинде көбөйүп кетишинин себеби – жайында жол кырсыктары көп болуп, ооруканаларга оор жаракаттар менен түшкөндөр көп болуп кетүүдө.

“Азаттыкка” берген маалыматын жыйынтыктап жатып, кан куюу борборунун директору Мухаметалим Турсунбаев коомчулукту, өзгөчө чиновниктерди кан донорлугуна чакырды:

- Мына Иорданияда Иорданиянын королу бүт үй бүлөсү менен кан донору экен. Алар жыл сайын үч ирет кан тапшырышат. Королдун бул соопчулук иши массалык маалымат каражаттарында чагылдырылгандыктан, Иорданиянын саламаттыгы чың бардык адамдары кан берүүгө барышат. Иорданияда кан жетишсиздиги таптакыр жок. Тескерисинче кан ашып-ташып, ашкан кандар заводдордо дары жасоого жумшалат. Бизде да чиновниктерибиз элге үлгү болуп, кан беришсе дээр элем.

XS
SM
MD
LG