Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Таласта зилзаладан жапа чеккендерге жардам керек


Таласта зилзаладан тамдары бузулуп жарылган тургундар өкмөткө кайрылып жардам ала албай жатышат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай дооматка макул эмес.

Талас районундагы Арал айылынын тургуну Кемелбек Иманкуловдун беш кабаттуу тамынын дубалдарынан эки жыл мурун болгон зилзалада жарака кеткен. Өкмөттөн эч жардам болбогондуктан ал жаман тамды жамап-түзөп тиричилигин өткөрүп келаткан. Бирок ушул жылдын 28-апрелинде болгон жер титирөөдө Иманкуловдордун үйүнүн дубалдарындагы жаракалар чоңоюп, жашоого жараксыз болуп калды.

- Үйүмдүн дубалдарынан зилзала болгондо жарака кеткен. Былтыр да, быйыл да кайрылдым, эмдигиче чечиле элек. Ичине кирип отурууга мүмкүн эмес. Чоңдор кечээ-мурда күнү келгенде кайрылсам, арызыңыз жок, болбойт деп койду. Былтыркы айыл өкмөтүбүз тапшырган арыздарды, анан эмне себептен менин арызым жок болуп калды, билбейм,-деди Кемел Иманкулов.

Арал айылында “Азаттыктын” микрофонун көрүп калып, арыз-арманын айтып кайрылгандар көп болду:

Аман Кулдаев: - Акимчиликке 7-майда арыз таштап келгем. Аны карап анан жиберебиз деген. Азыр келе элек, эми качан келет деп күтүп, карап отурабыз. Үйдө жашашка мүмкүн эмес, жер титирегенде жарака кеткен ар кайсы жеринен.

Арал айыл округ башчысы Туратбек Назаралиевдин айтымында, жер титиреген күнү айылды кыдырганда арыз менен кайрылгандар аз болчу. Арыздар жакынкы арадан баштап түшө баштады:

- Жер титиреген күнү эртең менен саат алтыда айылды кыдырып чыктык. Көпчүлүктөрү кулап-кыйрабаганга, баарыбыз аман калдык деп сүйүнүшкөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин биздин айыл өкмөткө 40ка жакын киши кайрылып, алардын тизмесин тактап, районго бергенбиз. Бүгүнкү күндө Арал айыл өкмөтүндө комиссия түзүлүп, ар бир кайрылган жарандардын турак жайы боюнча акты түзүп атабыз. Ошолорду топтоп туруп анан районго берүү боюнча иш жүрүп жатат.

Айыл округунун башчысынын пикиринде, арыз менен кайрылгандарга өкмөт тарптан жардам болуп жатат, кеп ошол жардамдардын документ, кагаздарын толтуруу көп мөөнөттү талап кылууда.

- Технологиясы мындай экен, биз акты түзүп МЧСке беребиз, зыян тарткан үйлөрдү сүрөткө тартып, анан Бишкектен мониторинг түзүп, жыйынтык чыгып, анан ал жактан тизме келет. Бир канча мөөнөттөн кийин сертификат келип, анан акча келе баштайт,-дейт Назаралиев.

Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адиси Үсөнбек Бекбаевдин айтымында, арыз менен кайрылгандардын баарынын тамын жараксыз дегенге болбойт, алардын көбү коңшу, туугандардан өкмөттөн жардам берилет экен деп угуп эле арыз менен кайрылышууда, алардын баарына тегиз жардам берүүгө өкмөттө каражат жетишсиз.

Азыркы тапта облус боюнча канча там жараксыз экенин так айтуу кыйын, себеби жогоруда айтылгандай бул боюнча арыздар өкмөткө жакындан тарта түшө баштады. Бүгүнкү учурда бир эле Талас районунан зилзаладан жабыркаган тургундардан 85 арыз түштү.
XS
SM
MD
LG