Райкан Шүкүрбеков. Ал өткөн кылымда кыргыз окурмандарына, угуучуларына алгач Кыргыз драма театрынын артисти, кийин акын, драматург, куйкумдуу ырлардын , интермедиялардын, балдар ырларынын автору катары таанылган эле. Маркум Райкан 1938-жылдан өмүрүнүн акырына, 1962-жылга чейин Кыргыз Улуттук филармониясынын адабият бөлүмүн жетектейт. Ал Карамолдо, Молдобасан, Саякбай, Ыбырай, Калык, Осмонкул баштаган ж.б. шайырларды окутат. Аларга чыгармачылык багыт берет. Чыгармаларын талдайт, концерттерде кандай ырларды ырдоо, кандай күүлөрдү чертүү жөнүндө насаатчы болот. Бир эле мезгиле ал ырчылар үчүн жашап жаткан доордун ырын ырдаган ырларды, санат, терме, насыяттарды жана терс көрүнүштөрдү сындаган куйкумдуу ырларды жазат. Шүкүрбеков менен бирге иштешкен жаш муундагы төкмө жана жазгыч акындардын ичинен Эстебес Турсуналиевдин шаңкылдаган тунук үнүн, төкмөчүлүкгүн, аткаруучулук чеберчилигин өтө жогору баалайт. Ал үчүн атайын терме, санат, насыят ырларын жазат. Акын жаш төкмө менен бет маңдай отуруп алып көптөгөн көнүгүүлөрдү, машыгууларды өткөрөт. Ошентип, бири устат, экинчиси шакирт болот.
Маркум Эстебестин алгачкы ырдоосунан бүгүнкү күнгө чейин жумурай журттун алкоолоруна алынып келе жаткан “Жинди суу” аттуу ырын кандайча ырдап чыкканы жөнүндө Эстебес кезектеги бир жолугушууда мындай деген эле:
<i> - Райкан менин жердешим, устатым. Филармониянын директору Жапар Садыков, Ракем (Райкан) мага “Жинди суу” аттуу ырын ырда деп берди. Ракем алгач ал ырын “Арак жөнүндө терме” деп атаптыр. Ошол кезде мен “Осмонкулдун термесин”, Алыкемдин (Алымкулдун) “Таластын көрүнүшүн”, өзүмдүн “Андалек”, Какемдин (Калыктын) “Акишим” деген ырларын ырдоочумун. Бир күнү Ракем мага жолугуп: - ой иним, мен ыр жаздым. Ошону сага тапшырам, - деди. Мен болуптур дедим. Ракем “Арак жөнүндө терме” деген ырын жазды. Аны мага берди. Ал кезде ырды бат эле жаттап алчумун. Эки күндө жаттап угуучуларга ырдап чыктым. Ракеме менин ырдаганым, үнүм, тилим баары жакты, директорубуз Жапар Сыдыковго да жакты. А киши айтты радиого жаздырардын алдында “Ара жөнүндө терме” деген болбойт. Андан көрө “Жинди суу” деп койбойсуңбу деп. Ошентип, “Жинди суу” деген ат менен радиодон ырдадым. Он күңдөң кийин угуучулардан “Жинди сууну” бергиле деген каттар жаап келе баштады.
“Жинди суу”
обону элдики, ыры Р.Шүкүрбековдуку
(үзүндү)
Акындар төгөт термени,
Түгөнбөс ырдын кендери,
Эми уккула, жолдоштор
Термени жаңы мендеги.
Терменин башы арактан,
Айланып кетсин тамактан,
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жаман адаттан.
Карабайт кары жашына
Капаны үйөт башына.
Жүргөн жери ызы-чуу,
Эч кимге жакпайт жинди суу.
Берметтей болуп жылтылдайт.
Түлкүдөй болуп кылтылдайт
Бөтөлкөдө жай жатат
Жалгыз эмес жинди суу.
Анда ага да бар, ини бар
Спирт, пиво, винолор
Ар кимисин билип ал,
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар.
Маркум Райкан Шүкүрбековдун “Кыз жигит” деген термесинин кандайча жазылганы, аткарылганы жөнүндө Эстекем буларды айткан эле:
- 1958-жылы поезд менен Москвага декадага кетип баратабыз. Бүт аксакалдар бар. Осокем, Алыкем байбичелери менен. Анда Алыкемдин уулу Замирбек 9-10 жашта. Поездде кетип баратканда аксакалдар комуз чертип, ырдап, Манас айтып баратышат. Деги ар ким ар кандай өнөрлөрүн көрсөтүүдө. Ошондо Алыкем (Алымкул) “Гүлгаакы” деген ырды ырдап калды. Ошондо Ракем (Райкан) – Ой, Эстебес Алыкем ырдаган “Гүлгакынын” обонун эсиңе алып койчу. Москвадан келгенден кийин сүйлөшөлү деди. Москвага бардык. Декаданы өткөрдүк. Райкан аке Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланды. Он күндүктөн үйгө келгенден кийин Ракем: - Ой, Эстебес “Гүлгаакынын” обонунда “Кыз жигит” деген ыр жазылды. Райкандын үйү Москва көчөсүндө, балдар дүкөнүнүн маңдайындагы №139 үйдө турчу. Мен болсом эски аэропорт жакта жашайм. Мени Ракем саат 9га чакырат. Келем. “Генпарос” деген чоң сандыктай болгон магнитофону бар. Аны ачып коет. Анан ал: - бул саптарды кандай обонго салып ырдайсың – дейт. Мен билген элдик обондорго, күүлөргө салып ырдайм. Эгерде мен ал обондорду иштеп чыгып ырдасам ондогон обондордун автору болмокчумун. Өзүң билесиң “Кыз жигитте” Айдараалынын, Токтогулдун, Сооронбектин, Коргоолдун, Гүлгаакынын обондору, күүлөрү бар. Кыскасы 3 ай дегенде “Кыз жигит” даяр болду. Ракем эки куплет жазат да, бул жери туура болбой калды – дейт, кайра жазат. Ракемдин бир жакшы жери бар эле. Ыр жазса да, эмне жазса да адегенде кишилерге окуп берип текшертчү. Себеби алар акылдуу. Туура эмес жерлерин оңдоп берет, - дечү. Ракем “Кыз жигитти” жазып бүттү. Ракем: - Эстебес филармониянын директору Жапар Сыдыковго барып кеңешели. “Кыз жигит” деп эле атап койсок кандай болот, - деди. Жапар агайга бардык. А кишиге айтсак, ал жөн эле “Кыз-жигит” деп койсоңор болбойт, жигит менен кызга киришме сөз керек, - деди. Үйгө келдик. Ракем жигит менен кыздын бири-бири менен жолукканын убара болбой эле Таластан баштайлы деди. Таластын ылдый жагында Сары-Куурай деген жер бар. Ошол жерден токой башталат. Дубана Машрафтын атын Жаныбек, Гүлгаакынын атын Гүлбайра койдук. Жаныбек токой аралап келе жатып, суу көтөргөн кызга жолугат. Анан экөөнүн тааныштыгы башталат. “Кыз-жигитти” радиого берели – деди Ракем. Радиого тасмага жаздырганы бардык. “Кыз-жигиттин” тексти 32 барак эле. Мен эми өзүмдү мактагандай болбоюн, студияга кирдим, туфлимди чечтим, байпакчан тексттерди килемдин үстүнө бет-бети менен жайып койдум. Ракем студиянын айнегинен карап отурат. Комузумду ар бир обонго, күүгө бурбай салып, сөздөрүн кыдырып басып жүрүп ырдап бүттүм. Эшике чыксам раматылык Ракем жазылган тасманы угалы – деп, жанына отургузуп алып укту. Ушунчалык ыраазы болду. Мени далыман чаап, тукуму кургур – деп эркелетип – Сени бир сыйлайын дейм. Бирок көнүп кетесиң го – деди. Радионун редакторунан кайсы күнү бересиңер десек, 19-майда саат беште беребиз деди. Ошол күнү апамды чакырды. Ракемдин кайын энеси, аялы, бала-чакасы баары мени радиодон угушту. Ошондо Райкан: - Апа, радио мага төрт жүз акча төлөдү эле. Менде “Кыз-жигиттин” ырындай ырлар том-том болуп жатат. “Кыз-жигитке” жан салган, узун элге тарткан Эстебестей уулду төрөгөн апа сизге чоң ырахмат. Радиодон алган калем акыны сизге берейин, - деп Ракем апама акчаны берген эле. Мына ошол күндөн өлөр өлгөнчө Ракем менен бир нече иштешип жүрдүм. Ошентип “Кыз-жигит” элге дуулдап тарап кетти.
Эми алгачкы аткарылышынан азыркы кезге чейин элдик ыр шекилдүү ырдалып келе жаткан Райкандын жаркын элесин элестей Эстебестин ырдоосундагы “Кыз жигиттен” үзүндү угалы.
“Кыз менен жигит”
(үзүндү)
Ыры Райкан Шүкүрбековдуку
Жаныбек деген жигит айлынан кыз жактырбай бир күнү Таластын токоюн аралап келе жатса, алдынан суу көтөргөн сулуу кыз чыга калат. Көрөөрү менен эле алиги кыз көзүнө кандайдыр ысык көрүнөт. Жигиттин жүрөгүн толкутат. Өмүрүндө көрбөгөн кыздын жакындыгы бардай сезилет. Жигит унчукпай кете берейин дейт, кеткиси келбейт. Кандайдыр бир күч жигитти жибербейт. Туруп калышат бири-бирин карап. Жигиттен кыз, кыздан жигит уялат. Кызыл-тазыл жайдын күнү, ар түркүн куштун үнү. Эң эле уяң көрүнгөт жигитке алиги кыздын түрү. Бардык көрүнүш Жаныбекке орток, Жаныбек кыз кетип калбай эле деп коркот. – “Кетем” – десе, кантип токтотот? Мына ошол жаман! Жаныбек, анан эки жагын карап койнунан комузун алат. Кызды сынамакка Атайдын “Кыз кербезин” чалат – деп чертип караса, кыз күлүп коет. Анан жигитке карап, кыз мындай дейт:
- Жакшы комузчу тактап чертет,
Өз устатын мактап чертет,
Жаман комузчу аттап чертет
Өзүн-өзү жактап чертет.
Жакшыдан өлбөс өрнөк деген
Өлбөгөн бирин-бири көрмөк деген
Жаман кетсе келбейт деген,
Жакшы нерсе өлбөйт деген.
Азыр сизге Токтогулдун “Чоң кербезин” чертип берем. Мынчалык асылып калдыңыз. Керек намыс – жеңсең бетимди өпкүн, жеңилсең сенделбей кеткин – деп кыздын Токтогулдун “Чоң кербезин” кайрып турган жери:
Атаңдан калган күү ушул,
Албан, түркүн, акыл сөз,
Айтып өткөн Токтогул,
Ээрчип чыккан артынан
Атактуу Калык, Алымкул
Ашыккан калар уятка
Абайла жигит, сабыр кыл.
Бар болсо, жигит өнөрүң
Өнөрүңдү көрөмүн
Кыз бүткөндүн бардыгы
Мени сүйөт дебегин
Кекетип жатат дебегин.
Жигит кыздын оңой эмес экендигин байкайт. Ал эми дүйнө жүзүндөгү адамзаттын баарын койнуна батырган жана баккан кара жердин касиеттерин, адамдын ага болгон сүйүүлөрүн баяндаган терең философиялык ойго бай Райкандын “Жер жөнүндөгү термесин” ырдап чыкканда айрым жетекчилерге, элге жакканы тууралуу Эстебес мындай деген эле:
- Мен Райкандын “Жер жөнүндө” термесин ырдап чыкканымда жетекчилердин ичинен ошол кездеги маданият министри раматылык Абдыкайыр Казакбаевге абдан жакты. Ал Кенес-Анархайдагы малчыларга концерт бергени барганда кайра-кайра ырдата берер эле. Эл дагы абдан жакшы кабыл алуучу.
Кезек Райкандын “Жер жөнүндө темесинде”
“Жер жөнүндө терме”
Ыры Р.Шүкүрбековдуку, обону элдики
(үзүндү)
Баштасак сөздү термеден
Байкасак турмуш термеден
Ырдасак элге термеден
Эл журттун күнү жер менен
Жер койнунда укмуш көп
Ата-бабаң көрбөгөн.
Жер өмүрдүн туткасы
Адамзат жердин устасы,
Жер өмүргө шам чырак
Ай жылдызды жаркырап,
Желкесинен ургандар
Желип өтөт калтырап
Жамандын көркү азамат
Карачы тоо суусундай шаркырап
Эл колуна тийгени
Кулпунуп чыкты кар жер
Ракет болуп атылып
Жулунуп чыкты кара жер
Кабат-кабат салынып
Том болуп жатат кара жер,
Шам болуп жатат кара жер.
Ак таңдай акын, айтылуу ырчы Эстебес маркум Райкан жөнүндөгү эскерүүсүнүн соңунда экөөнүн бири-бирине жөлөк-таяк болуп иштешкени жөнүндө:
- Менин ыр дүйнөсүнөн көзүмдү ачкан, атагымды чыгарган Райкан болду. Ал эми Ракемдин атак-даңкын чыгарган мен болдум. Маркум Райканды айтып отурса кыйкырган менен кыңк этпейт, кыймылдаса былк этпейт дегендей канча айтсаң да сөз жетпейт. Бу кишинин эмгеги, атагы зор эле. Ракем акын да, драматург да, сатирик да, акылман да болчу, - деген эле маркум Эстебес.
Ооба, Райкан Шүкүрбеков филармонияда иштеген залкар шайырлардын кары-жашынын алкоосуна татыган, өз кесибинин устаты, акылы терең, пейли кенен, айкөлдүн айкөлү эле. Бирок ушундай тубаса акын, драматургдун, элдик шайырлардын жан дүйнөсүнүн туулган күндөрүнүн 70, 80, 90, 95 жылдыктары Улуттук жазуучулар союзунун, Улуттук филармониянын жетекчилери тарабынан белгиленбей, көз жуумп келишүүдө. Көрсө о, дүйнөгө кеткен адамдын артында жөлөк-таягы жок болсо эстелбей, эскерилбей кала берет тура.