Эстеликтин идеялык мазмунунун автору, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кыдыралиев. Сүрөтчү 1990-жылдардан тартып Манас темасында үзгүлтүксүз иштеп келатат. Таластагы, Оштогу Манастын архитектуралык комплекстери Жоомарт Кыдыралиевдин колунан жаралды.
Манастын Москвадагы эстелигине 2006-жылы апрель айында сынак жарыяланып, ошондо сүрөтчүгө аян болгон экен:
- Сынактын алдында түшүмө Манас атам кирип калды... Жөн кирген жок го деп койгом. Анан ушул сынак жарыяланып калды. Сынакта менин эмгегим жактырылып кетти.
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри Султан Раевдин “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча Москвага Манастын айкели 2009-жылы тургузулушу мүмкүн:
- Эстелик мазмундук жагынан бедизчилер тарабынан толук бүткөрүлүп, азыр курулуш-архитектуралык бөлүгү кармалып турат. Калган бөлүгүн бүткөрүү үчүн каражат 2009-жылдын бюджетинен бөлүнүүсү күтүлүүдө. Буга премьер-министр макулдугун берген. Москванын “Эл достугу” сейилбагына Манастын айкелинин тургузулуп жатышы – эки элдин бири-бирине болгон достугу, сый-урматы.
Орус борборуна тургузулмакчы болуп жаткан Манастын айкелин жаратууда Жоомарт Кыдыралиевге белгилүү көркөм өнөр ишмерлери Дүйшөн Жолчуев, Базарбек Сыдыков жана Таир Медеровдор жардам беришүүдө:
- Жайы бою күзгө чейин Масквада болуп, айкелдин турпатын толук бүтүрдүк. Эстеликтин алдына коюлчу постаменти каражат жок кармалып турат.
Ал эми Манастын айкелинин көрүнүшүн Жоомарт Кыдыралиев мындайча сыпаттады:
- Айкелге Аккуланы минип турган Манастын элеси чегилди. Манас жоо-жараксыз турганы менен, жүзүндө руханий бийиктик төгүлүп, анын падышалык наркы кийимдеринен да көрүнүп турат. Ошондой эле Манас оң колун алдыга сунуп, орус жерине достук ниетин билгизип турат.