Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Тууганы тууганын саткан заман


Жалал-Абад облусундагы лидер аялдар бирикмесине быйыл ар кандай арыз-даттануулар менен он адам кайрылган. Алардын ичинде Россияга барып иштеп, эмгегин жедирип куру кол кайтып келгендердин жана уурдалып кеткен он төрт жашар кыздын окуялары өтө кейиштүү.

Эл аралык миграция уюмунун долбоору менен иштеген бирикменин президенти Жанна Саралаеванын билдиришиннче, бир бейтааныш аял Базар-Коргон районунан он беш адамды Россиянын Санкт- Петербург шаарына ишке жайгаштырат да, жарым жылдап алардын эмгек акыларын бербей койгон.

Кийин аларды жаңы жумушка котормок болуп, Мурманск шаарындагы таанышына өткөрүп берген. Бирок ал киши да Жалал- Абаттан алданып баргандарга маяна төлөбөй койгон. Акысын доолагандарды милицияга тапшырган.

Милиция соттун чечими менен аларды Россиядан айдап чыккан . Туулуп өскөн жерине куру кол кайтып келгендердин тогузу облустагы аялдар бирикмесине кайрылышып, юридикалык- медициналык жардам алышкан.

Жанна Саралаеванын айтымында , алар эмгек кулчулугуна саткандарды сотко берүүдөн баш тартышты. Анын жөнүн өздөрүн алдагандарды тууган-уруктугу менен түшүндүрүшкөн

-Тогуз адамдын төртөөсүн Базар-Коргондун тургундары бир түркиялык фирмага орноштурат, бирок келишимди ал фирма менен өзү түзөт дагы, анан беш-алты ай иштетип бир да тыйын акча бербейт. Жапа чеккен адамдардын айтуусу боюнча өткөрүп берилди, а негизи сатып жиберди. Же болбосо мындай болуп чыкты, ал тууганы болуп чыкканы үчүн биз ага сот ишин козгогонго колубуз барбайт. Туугандары алып барып туугандарын сатып атат да. Көбүнчө ушундай болуп атат.

Эмгек кулуна айлангандардын көбү турмушу начар жана кайсы бир жерден аманат акча алып, аны кайтаруу үчүн жалганчыларга туш келген кишилер.

Облустагы Гүлжамал аттуу он төрт жашар кыз 18- февралда жоголуп, 22- апрелде кайра табылган. Анын айтымында, окууга келатканда класс жетекчиси чакырып алып, көк - кара түстүү автоунаага салып берген. Автоунаанын айдоочусу менен андагы бейтааныш кыз Гүлжамалдын оозун таңып, колу-бутун байлап, эжекени жана "бизди кимдир- бирөөгө айтсаң, сени менен апаңды да кошо өлтүрөбүз» деп коркутушкан.

Адам аткезчилери жетинчи класстын окуучусун Ош шаарындагы үйгө жеткиришкен. Гүлжамал ал жерде үй жумуштарын жасап, бала баккан. Идиш- аяк жууп жатып, зарыл иш кагаздары бүтсө, кайсы бир жакка жөнөтүлөрү тууралуу үй ээлеринин өз ара сүйлөшкөнүн кулагы чалган:

-8-марттан кийин мен коридордо идиш жууп атсам, “бул кызды майга чейин кармап турсак, майдан кийин Казакстанга же Москвага алып барабыз ”- деп сүйлөшүп атканын уктум да. Бала бактырып, үй жумуштарын кылдырышты.

Издөө салган Сузак районунун тургуну Махабархан Базарова маалымат каражаттарына берген жарнама аркылуу кызын таап алган. Белгисиз адам Гүлжамалдын кайсы үйдө кармалып турганын ага айтып берген. Аялдын арызы боюнча 7-апрелде кылмыш иш козгогон райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кылмыштын курамы жок деген негизде аны кайра жаап салган.

Базарованын арызына ылайык облус прокурорунун оозеки көрсөтмөсү менен Сузак райондук прокуратурасы атайын тергөө тобун түзгөн. Ош шаардык проркуратурасы да кылмыш ишин ачкан. Бирок, Махабархан Базарованын белгилешинче, окуя коомдук ордо кеңештин облустук жыйынында эки ирет талкууланганы менен жыйынтык алигиче жок. Гүлжамалдын класс жетекчиси эне менен кыздын айткандарын ошо жыйында жокко чыгарган.

-Ушул эки жарым ай үч айга жакын болуп атат, эч кандай жыйынтык жок да. Үч айдан бери бир ишти тергей албаса, кандай Кыргызстан билбейм. Азыр эч кимге ишенич деле жок болуп калды. Эки-үч ай созгонуна караганда буларда бир иш бар. Эч жакка эч ким качкан жок баардыгы оз ордунда тургандан кийин муну бир айдын ичинде эле тергеп, бүтүрүп койсо болот. Укук коргоо органдары беттештирди бир эмес эки жолу.

Сузак райондук прокуратурасы Гүлжамалды уурдоо окуясын ар тараптан изилдөөдө. Окуяга катышы бар бардык адамдар суралууда. Прокурордун орунбасары, тергөө тобунун башчысы Жолдошбек уулу Кубанычтын түшүндүрмөсүндө 25-апрелде экинчи ирет кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишти изилдөөнүн мөөнөтү эки ай. Иликтөө иштери бүткөндөн кийин кандайдыр бир чечим кабыл алынат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG