Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кыргызстанды революциянын карааны аралап жүрөбү?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин басымдуу бөлүгү белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин “Кыргызстанды бир караан аралап жүрөт. Ал - революциянын карааны” деген макаласын кыргыз жана орус тилдеринде жарыялашты...

Алгач жарык көргөн басылмалардагы өзөктүү материалдарды учкай санай кетели. “Аалам” гезити белгилүү саясатчы Т. Тургуналиевдин “Азыр өлкөнү бир караан аралап жүрөт, ал-революциянын карааны”. Совет доорундагы мамлекеттик ишмер Кемел Ашыралиевдин “Премьерлик кызмат президентти калкалап, азабын башына үйгөн орун” деген, “Учур” гезити “Өмүрбек Субаналиев саткынбы?”, Өмүрбек Текебаевдин “Бүгүн өлкөнү үй-бүлөлүк криминалдык система башкарууда” деген, “Асман преss” гезити Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Бакиев Ак үйдөгүлөрдүн эле эмес, оппозициянын да президенти”, “Топчубек Туругналиевдин “Өкмөттү кетирип, өздөрү өкмөт болгусу келгендер кимдер?” деген, “Жаңырык апта” гезити Элдик революция кыймылынын кайрылуусун жана Самсалы Четимбаев аттуу автордун “Өздөрүн оппозиция лидерлерибиз деген саясатчыларга ачык катын”, Турсунбай Бакир уулунун “Мас болсо да мойнунан галстук түшпөйт”, гезит кабарчысынын “Эй, Кыргыз, сатылбаган эмнең калды?”, “Коррупциянын баары бөлүштүрчү компанияларда” деген макалалар менен интервьюларга орун берген.

“Лица” гезити Топчубек Тургуналиевдин революциянын Кыргызстанды аралап келаткандыгы жөнүндө айткандарын орус тилинде жарыялады. 2005-жылдагы революциянын болуп өткөн учуруна кеңири токтолгон Тургуналиев, ошол алгачкы күндөрү Курманбек Бакиевге кинорежиссер Болот Шамшиев менен чогуу киргенин, президент андан “кандай кызматты каалайсыз?” деп сураганда “Мен эч кандай кызматты каалабайм, мени күнөөсүз үч жолу соттошкон, ошол куру жалаа менен соттолгондорумду алып салмайынча эч кандай кызматка барбайм”, дегенин Б. Шамшиев болсо Бакиевден маданият боюнча кеңешчилик кызматты сурап алганын кеп кылды. “Анткени” дейт белгилүү саясатчы, “президенттин командасы коррупционерлер менен шумпайлардан турат. Мына, Адахан Мадумаров! Мурда ал жигит мага аябай жакчу. Таза адам деп саначумун. Алтургай президенттикке сүрөсөмбү деп жүргөм. Бирок ал жандүйнөсүн жаналгачка сатып жиберди. Бийлик үчүн партиясын таштап “каражолчуларга” кошулду. Мадумаровдун колу менен Бакиев Манастын Каркырасын, көл жээгиндеги жерлер менен пансионаттарды казакка бердирди. Кыскасы Бакиев жана анын командасы эбак эле калыстыктан тайып, эл үчүн кызмат кылбай калган” деп белгиледи.

Гезит мындан тышкары Бишкекте жашап турган жайлары үчүн жөлөкпул алып жүргөн ЖК депутаттарынын аты-жөндөрүн ачыкка чыгарды. Анда кабарлангандай 2008-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттин бюджетинен 27 депутат ай сайын 300-500 АКШ долларына чейин жеңилдик алып келген. Алардын үчөө - Социал демократтар партиясынан, 2 депутат компартиядан, 22 депутат президенттин “Ак жол” партиясынан...

“ 24 kg” маалымат агенттигине шилтеме кылган ушул эле гезит белгилүү аскер эксперти Токтогул Какчеевдин “Талибан” кыймылы Кыргызстанды көздөй жылып келатат дегенин кабарлады. Какчееев бир аз күн мурда Ооган президенти Хамид Карзайдын админстрация өкүлдөрү менен пикир алышкан. Алар Ооганстандагы террорчулукка каршы коалиция күчтөрүнүн аркеттери жемиштүү боло албай калганын, келчекте эми “Талибан” кыймылы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудура тургандыгын белгилеген. Какчекеев, ооган бийлигинин тынчсызданып жатканы бир топ жүйөлүү экендигин, анткени Кыргызстанда “Талибандын” жактоочулары болгон “Хизб-ут Тахрир” менен ваххабиттик уюмдардын өкүлдөрү барын кошумчалаган.

“Аалам” гезитине берген интервьюсунда Топчубек Тургуналиев: “Башчысына элдин каргыш айтып турганы тарыхта болгон эмес. Ушунун өзү эле Бакиев заманынын куруганы. Кыргызстандын азыркы бийлигине ыраазы болгон элди ит менен издеп таппайсың. Буйурса 18-нобрь күнү Таласта элдин бул бийликке айта турган ойлорун угабыз. Мурда Бакиев түштүктөн экен деп элдин 90 пайыздан ашыгы колдоп келген, эми 100 пайыздан ашык эл аны кетсин деп турат” деп айтты.

“Учур” гезити аркылуу баарлашкан ЖК депутаты Улукбек Ормонов Кыргызстандын негизги байлыгы болгон энергетика тармагын, ГЭСтер менен магистралдык темиржол түйүндөрү толугу менен мамлекеттин карамагында калышы керектигин, бирок өлкөдөгү оор кырдаалга байланшытуу, парламенттик жыйында менчиктештирүүгө макулбуз деп чечим чыгарып бергендерин билдирди.

“Асман преss” гезитинин суроолоруна “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин бири Марат Кайыпов “Биз бийликтин партиясыбыз”. Биз Кыргызстандын президентин колдойбуз. Маселен, партиянын мурдагы башкы катчысы - Нур уулу Досбол азыр мамлекеттик катчы, партиянын төрагасы Үсөн Сыдыков азыр президенттин кеңешчиси. Ушундан эле жыйынтык чыгарса болот, эгер партиянын бир эле мүчөсү бийликте боло турган болсо, анда ал партия оппозициябыз деп айта албайт. Биз президентти колдойбуз жана анын бийлигин бекемдейбиз” деп жооп берди. Ушул эле гезит 1-президенттин жубайы Майрам Акаеванын “Мени чыгармачыл адамдар гана саткан жок” деген баарлашуусун басты. Майрам айым учурунда анын туфлийинин чаңын жүз аарчысы менен сүртүп жүргөндөр азыр башка бирөөнүн чаңын сүртүп жүргөнүн, мындайлар ал жана анын үй-бүлөсү тууралуу турмушта болбогон ушак-айыңдарды чыгырганын сөз кылган. Кабарчынын “Айрымдардын аттарын атай кетпейсизби?” дегенине Майрам Акаева “Чолпон Баекова, Роза Отунбаева “ деп жооп берген.

“Жаңырык апта” гезити экс-депутат Бектур Асановго жолугуп “Элдик кыймылдын катарында жүрүп, Бакиевди бийликке алып келгендердин бири элеңиз. Ошол эле адамдар учурда кайра элдик революциялык кыймыл түзүп, жаңылганы үчүн элден кечирим сурашууда. Сиз дагы аларга пикирлеш катары жаңылганыңызды моюндайсызбы?” дегенине, “Революциянын талабы туура. Азыр бир топ күчтөр азырынча унчуга элек. Мен жакынкы күндөрдө саясый күчтөр президент келген соң тегерек үстөлгө олтуруп, бир пикирге келет деген ойдомун. Эгерде мында да бир пикирге келишпей тирешүүлөр күчөй берсе, президенттик шайлоого жетип-жетпей, 2005-жылдагыдан да чоң чыр-чыгыш мүмкүн” деп билдирди. Бектур Асанов андан аркы сөзүндө элдин кызыкчылыгы үчүн эки тарап сүйлөшүүгө бара тургандыганан үмүттөнөрүн, эгер сүйлөшүүлөр ишке ашпаса, анда ал айткан сасый топ ачыкка чыгып, катуу баштаарын эскерте кетти.

Гезит ошондой эле Самсалы Четимбаев аттуу автордун оппозиция лидерлерине жазган ачык катын окурмандарга тартуулады. Катта Акаев түзгөн үй-бүлөлүк башкаруунун майталканын Бакиев, анын уулдары, инилери көрүп келатканы, Бакиевди бийликке алып келгендер көчөгө ыргытылып, Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусун чыңдагандар анын тегергинде олтурганы, оппозициянын ичиндеги саткындары баяндалган.

XS
SM
MD
LG