“Дело №...” гезити бүгүнкү санына Кыргызстанда мындан ары коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлүп, анын башында өлкө президенти Курманбек Бакиев өзү турарын кабарлады... Бирок Кыргызстан коррупцияга каршы тынбай күрөшкөн сайын эмнегедир төмөн түшкөндөн түшүп келатканын айтышат. Маселен эларалык Trancprarency Interntional уюму ушул жылдын сентябрында коррупцияга каршы күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн орду каерде экендигинин эсебин жарыялады. Кыргызстан Акаев башкарып турган 2003-2004-жылдары коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдө 118-128-орунда турса, Бакиев бийликке келген 2005-жылы - 130-орунга, 2006-жылы -143-орунга, өткөн 2007-жылы - 157-орунга, үстүбүздөгү - 2008-жылы - 166-орунга төмөн түшкөн. Коррупциянын жеткен чеги - 180-орун.
Гезит андан ары “Кыргызгаз” акционердик коомунун башкы деректири Саламат Айтикеев менен маектешкен. С. Айтикеев кабарчынын “Газдын баасы январдан баштап кымбаттайбы?” деген суроосуна “Так айталбайм. Болжол менен кубометри 14 сомдон болот” деп, “Өзбекстан менен келерки жылга келишим түзулдү беле?” дегенине “Түзүлө элек. Кыргызстан өз заявкасын берген. Жообун күтүп жатат” деп, “А эмне үчүн дароо эле келишим түзүлгөн жок?” деген суроого “Анткени Өзбекстан сурап жаткан баа биз үчүн кымбат, ошондуктан ага биз макул болбой жатабыз” деп, “... өзбектер канча сурап жатат?” дегенге “300 доллардан ашуун” деп жооп берген.
Гезиттин ушул эле санынан “Дүйнөлүк финансы кризиси Кыргызстандын рыногу менен кыймылсыз мүлкүнө келип жетти” деген макаланы окууга болот. Бишкектеги кыймылсыз мүлк агентитигинин биринин деректири Виктория Кравцовойдун айтымында, эми мындан ары үйлөрдүн баасы түшкөндөн түшө бермекчи. Мунун башкы себеби эле - элде акчанын жоктугу. Ошондой эле 2 жыл мурда кыймылсыз мүлктүн баасын оңбогондой көтөрүп салган эмгек мигранттары бүгүн өзүлөрү кризиске кептелди. Бишкек менен Ысык-Көлдүн жээгинен жапырт там сатып ала баштаган казак көпөстөр да өз алапайларын таппай калган абалга келди. Мындан ары квартиралардын баасы түшүп олтуруп, 1 бөлмөлүүлөрү 10-15 миң долларга чейин төмөндөйт. Азыр элиталык үйлөргө суроо-талап дээрлик жок болууда же мындай үйлөрдөн квартира сатып алгысы келгендердин саны 1 пайыздан ашпайт. Ошондой эле келерки жылдан тартып өнөржай багытындагы ишканалар массалык түрдө сатыла баштайт. Анткени кыймылсыз мүлккө салынуучу салык мыйзамы иштей баштайт. Ошондуктан киреше бербей, токтоп турган ишканаларынан кутулуу макасатында кожоюндары аны сатыкка чыгарат. Муну менен бирге эле квартиралардын аренда акысы өсөт.
“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити “президентке кат” рубрикасындагы макаласынын атын “Тозокко чыдоо” деп атады. Анда президенттин оңду-солду убадалары... жарык жана анын кожоюну Балкыбеков жана башкалар тууралуу сөз болот. Капырай, акыры Балкыбеков бүгүнкү энергетикалык кризике алып келген күнөөлүүлөрдүн аттарын атаганга батынды деп баяндап, көрсө эң башкы күнөөкөрлөр кошуна өлкөлөр менен Кудайдын табияты экен. Болуптур, коңшулардан сурайлы, “туугандар бул эмне кылганыңар?” деп, ал эми Кудайдан кантип сурайбыз деп жазды. Ушул эле гезит дагы бир маселеге өзгөчө көңүл бурган. Өткөн жумада “Коррупцияга каршы жарандык коомдун” укук коргоочулары жакынкы арада Кыргызстан эколгоиялык кырсыкка кабылышы мүмкүн деп коңгуроо кагып чыкканын маалымдады. Уюмдун айтымында Жети-Өгүздүн бийик тоолорундагы 60 млн. кубометр көлөмдөгү суусу бар Петров көлү турган ордун жырып кетиши мүмкүн. Укук коргоочу Т. Исмаилова “Кокустан көл кырсыкка учураса элдин коопсуздугун камсыз кыла турган бийликтин планы барбы?” деп суроо салды. Ал эми Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин бөлүм начальниги С. Орехин “Кыргызстандын тоолорунда жайгашкан 2000дей көлдүн 300ү опурталдуу абалда турат. Бирок Петров көлүнө караганда чындап корко турган көлдүн бешөө Ала-Арчада, Кегетиде жана Түптүн аймагында” деп айтты. Ал эми Улуттук онкология борборунун деректири Р. Абдылдаевдин айтымында “Кумтөргө” жакын жайгашкан Барскоонго салыштырганда учурда Кажы-Сай менен Майлуу Суунун абалы алда канча опурталдуу. Кысыкасы гезит, бийликтин жана коомчулуктун көңүлүн азыр кам көрбөсө эртең орду толгус жоготууларга алып келе турган жаратылыш кырсыктарынан алдын алуу жагдайына бурган.