Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Торзымдын артындагы кор турмуш


Жаза өтөө жайларындагы эреже-тартип уюшкан топтордун колуна тийип, ал жерлерде бекем тартип орнотулбaй жатат.

Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Капар Мукеевдин ушундай пикири биртоп талаш-тартыштарды жаратты.

Капар Мукеевдин ырасташынча, ушу тапта Жаза өтөө жайлар башкармалыгы тармактагы абал жалаң жакшыргандын үстүндө баратканын айтууга өтүштү. Анткен менен абак жайларындагы эреже-тартиптин текши баары уюшкан топтордун - “общактардын” колуна өтүп, мына ушул мамлекет ичинде мамлекет болуп калган криминалдык топ торзымдын артында эле өз бийлигин жүргүзүүдө.

- Анан жанагы “общакты” айтып жатканым тиги администрация менен биригип кеткен деп. Тигилер айтып жатат. “Биздин башка чыгат. Силер эмне кылып атасыңар?” дейт. Алар сурайт да, эртең эле этапка СИЗОго барат. “Силердин тиякта атаңар эмне кылып жатат”, депчи. “Общакты” чакырышат. Алардын өзүнчө “иликтөөсү” бар,- дейт К.Мукеев.

Эмнеликтен абак жайлары администрация жетекчисинин колунан чыгып, камалгандардын башкаруусуна өтүп калыш себебин К.Мукеев момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Баары коркушат. Мен баягы 31-колонияга кирип жараат алып чыкканда Ф.Кулов айтпадыбы: “Сен эмне өзүңдү коесуң?” дебедиби. “Эссиздер гана өзүн коюшат”, дейт. Мына азыр баары айтып атышпайбы. “Капар Бабаевич, сен Чолпонбай, жалгызсың”. Бирок туура түшүнгүлө! Мен Кыргызстан үчүн күйүп жатам. Барганда мен эмне майталкандын үстүнө суранып бардым беле? Жакпай калдым да. Аерде “хоп майли” деп турсаң баары жакшы экен.

Тармакта 30 жыл иштеп, “жакпай калган” Капар Мукеевдин абак жайларындагы азыркы жагдай тууралуу пикири чындыкка коошпостугун Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын пресс-катчысы Сергей Сидоров ырастады.

- Мен азыр колонияларды колония начальниги менен администрация башкарып жатат, деп эсептейм. Башка маселе -кантип башкарып жатышат?


Чейрек кылым жаза өтөө жайларында иштеген, Адилет министрлигинин өздүк коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Абдыжапар Беркулов кесиптешинин билдирүүсүн жалпы сөздөн ары өтпөгөн, далилдүү фактылары жок маалымат деп эсептерин ырастады.

- Жанагы кызматкеринин көзүнчө “Баланчаев Түкүнчө деген мобу топтун соттолгон лидери менен баланчанчы күнү келишим түздү. Мындай иш кылды. Мыйзамды бузган иш жасады” деп, мойнуна коюп берсин. Анда мен ал кишиге ырахмат деймин. Андай кое албай сүйлөгөндүн баары бекер кеп да.

Капар Мукеев жаза өтөө жайларында иштеген кызматкерлердин айлык маянасы башка күч кызматтарына салыштырмалуу кыйла аз экенин, материалдык муктаждыктын айынан алардын айрымдары абакта жаткандарга баңгизаттарын киргизип беришерин, көпчүлүк жерлерде абактагыларга “силер бизге тийбегиле, биз силерге тийбейбиз” принцибинде иштешерин маалымдады.

- Кечиресиз, кызматкер эмне кылышы керек? Биздин кыргыздын салтын билесиңер, той, аш. Бирдеме алып барыш керек го.

Кыргызстандын жаза өтөө жайларындагы криминалдык жагдай кандай экенин мындан 3 жыл илгери 31-колонияга текшерүү үчүн барган депутаттык комиссия мүчөлөрүн камактагылардын атып салышы кашкайта көрсөткөн. Жаза өтөө жайларына бюджеттен берилчү акчанын тең жарымы да бөлүнбөй келаткан шартта тармактагы абалдын жакын арада оңолуп кетерине ишенич аздыгын бейөкмөт уюмдар белгилеп келатышат.

XS
SM
MD
LG