Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Т.Орокчиев: Радио заманга жараша өзүнүн жүгүн тарта берет


"Азаттыктын" обосунда Аманбек Жапаров.
"Азаттыктын" обосунда Аманбек Жапаров.

Бүгүн Кыргызстанда байланыш жана радио күнү. Отуз жылдан ашуун өмүрүн радио тармагына арнаган ардагер Тенти Орокчиев азыркы учурдагы кыргыз үн алгысынын абалы жөнүндө “Азаттыкка” кеп салып берди.

- Тенти агай, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери коомдун өнүгүшүнө кыргыз радиосунун салымы канчалык?

-Менин радиодон кеткениме алты-жети жыл болуп калды. Бирок мен күнүгө «Азаттык» менен Би-би-си радиосун, кыргыз радиосун угуп, үч саат убактымды ошол жакка бурам. Мурда мен иштеп жүргөндө биздики негизинен адабий уктуруулар болгондуктан азыр дагы ушул программаларга көбүрөөк көңүл бурам.

Менин байкашыма караганда, мен мурда иштеп кеткен кыргыз радиосунда анча-мынча эле өзгөрүү болгону менен олуттуу өзгөрүү жок. Мисалы үчүн саясий жагынан алабызбы, социалдык тармагын алабызбы анчейин өзгөрүү жок. Эми колдон келишинче маалымат берип коомго салымын кошуп атышат.

Мен негизги бир көйгөйлүү маселеге токтоло кетейин. Чынында тил маселеси, өзгөчө кыргыз тили. Радио-теле тилге байланыштуу да. Ошо кыргызча тил маселеси анча жакшы болбой жатат. Биз эскиче эле Совет биримдеги кезиндеги тил боюнча эле иштеп жатабыз.

Кыргыз тили аябай бай, байыркы тил экен. Бекеринен Манас эпосун жараткан тил эмес. Анан ушул эне тилибизге өтө маани бербей, радио журналисттер, мейли гезиттеги журналисттер болсун жакшы пайдаланбай, үйрөнбөй, өзүнүн сөз байлыгын көбөйтпөй, быйшыктабай жатат. Анан ошол аркылуу сүйлөө, маалымат берүү маселеси начар болууда.

-Тенти агай заманга жараша телевидение, интернет күч алган маалда радио алардын агымына туруштук бере алабы?

- Менимче радионун өзүнүн жолу бар. Мен интернетти анча жакшы биле элекмин, анткени менин отуз жылдан ашуун өмүрүм радио менен өттү. Менин тажрыйбалык баамымыда радионун өзүнүн жолу, өзүнүн угармандары, өзүнүн кызматы бар. Азыр китеп окулбай калды, антип калды, минтип калды деген кеп көптөн бери эле айтылып келе жатпайбы.

Анын сыңарындай радиону кийинки муун укпай калды дегенге кошула албайм. Анткени радионун өзүнүн жолу, багыты бар. Радиого кызыккандар, дайыма анын угармандары бар. Алыскы айыл жерлеринде радио аркылуу эле маалымат жетип калбадыбы.

Албетте интернеттин дагы өзүнүн жолу бар. Ага кызыккандар бар. Менимче интернетке байланышы жоктор дагы бар. Ал эми радио дагы өркүндөй бериш керек, заманга жараша өзүнүн жүгүн тарта берет.

-Маегиңизге рахмат
XS
SM
MD
LG