Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Кыргызстанга интеллектуалдык ислам керек


“Дин, Укук, Саясат” изилдөө борборунун өкүлдөрү ислам дини Кыргызстанда улуттук кызыкчылык менен канатташ өнүгүшү керек деген билдирүү жасашты.

Аталган маалымат жыйынында “Дин, Укук, Саясат” көз карандысыз талдоо жана изилдөө борборунун теологиялык изилдөө бөлүмүнүн башчысы Данияр Мурадилов Кыргызстанда ислам баш аламандыгын иретке келтире турган учур келгендигине токтолду. Исламды Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгында өнүктүрүү – заманбап иш деп эсептейт ал. Бирок исламды замандын шарттарына, талаптарына ыңгайлаштырып эмес, замандын шарттарын исламдын түшүнүүгө ыңгайлаштыруу керек.

Ислам баалуулуктары менен эсептешпей коюу азыр Кыргызстанда мүмкүн эмес экендигин “Дин, Укук, Саясат” көз карандысыз талдоо жана изилдөө борборунун деректири Кадыр Маликов белгилеп келип, исламдын баалуулуктарынын бири катары орозону кепке кыстарды:

- Ыйык рамазан айындагы орозо – баарынан мурда Жараткандын өзүнө сыйынуу. Ошондой эле адамдын тарбиялык, социалдык, медициналык, экономикалык кызыкчылыктарын да кучагына камтыйт. Орозо бул дүйнөдө кембагалдардын, ачкалардын бар экендигин эскертүү менен, аларга боор тартууга чакырып турат.

Андан аркы сөзүндө Кадыр Маликов ислам жөнүндөгү түшүнүктү жалпы көпчүлүккө оболу башка диндер менен катар тааныштыруу оң болорун, демек “Дин таануу” сабагын мектептерге киргизүү долбоору колдоого гана татыктуу экендигин айтты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректири Каныбек Осмоналиев “Дин, Укук, Саясат” көз карандысыз талдоо жана изилдөө борборунун өкүлдөрүнүн пикирлери менен дароо эле интернет сайт аркылуу таанышкан экен. Ага айрыкча дин иштерине мамлекеттин кийлигишүүсү жаатындагы сунуштар ынаптыр.

Чындыгында эле азыр Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен муфтияттын ортосундагы маселелерди регуляцилоо зарыл деп эсептейт ал. Дин мамлекеттен бөлүнгөн деген “ширманы” азыр көтөрүп чыгуу жарабайт. Калк мамлекеттики болгондон кийин дин иштерине мамлекет күчтүү көзөмөл кылуусу шарт.

Ал эми Бишкектеги борбордук мечиттин баш имамы Молдо-Шакир Маматов “Дин, Укук, Саясат” көз карандысыз талдоо жана изилдөө борборунун өкүлдөрүнүн исламда да азыр менежменттик иштер, мечит-медресе башкаруулар СССР убагындагыдан кескин айырмалуу, заманбап, улуттук кызыкчылыкта болушу керек деген көз караштарын кытыр кабыл алды:

- Мечит-медреселерди башкаруу боюнча диний башкармалыкта чыгарылган жобо бар, ошол гана жетекчиликке алынат. Совет доорундагы имамдар менен азыркы имамдардын эч кандай айырмасы жок. Шарият өкүмдөрү кыяматка чейин бипбирдей.

Исламды заманбап кабылдоо маселелерин оболу тегерек үстөл жыйындарында, конференцияларда талкуулап көрүүнү эп көргөндөр да бар.


XS
SM
MD
LG