Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Муфтийлик кызмат талашта


7-апрелден бери муфтийлик милдетти Абдишүкүр Нарматов аткарууда.
7-апрелден бери муфтийлик милдетти Абдишүкүр Нарматов аткарууда.

12-апрель күнү муфтиятка айрым бир мусулман топтору чогулуп, муфтийлик кызматты чыр-чатак чыгаруу, бата-дуба берүү менен эле бирөөгө тартып берүүгө аракет кылышты.

Чыр-чатак, демитип-жулунмай башка жерде эмес, мусулмандар ордосу - муфтиятта муфтийлик кызматты тартып алуу максатында болду. Муфтийдин милдетин аткаруучу Абдышүкүр-ажы Нарматовго, анын тарапкерлерине айрым адамдар үстөлдөрдү ары капшыра сүрүп жулунушту. Муфтият кызматкерлери, Кыргызстан ислам университетинин мугалимдери, студенттери арачалап калышты. Коркутуп-үркүтүү менен муфтийлик мамыкка өз адамдарын олтургузгулары бар экен – бирөөсү кыйкырып чыкты:

- Динге таза кишилер келсин! Кана, омийин... омийин... омийин деп атам!

Көрсө, ал ошентип бата-дуба кылуу менен эле муфтийлик кызматты өз адамына тартып берүү аракетинде экен. Аты-жөнүн өзү дагы айтпады, менин жанымдагылар да билбейт. Атайын уюшуп келген немелер экендигин, дегеле мындай немелерди көрбөгөндүгүн кыйытышты.

Өз демилгесин баягы кыйкырып чыккан адам убактылуу өкмөт, кечеги кандуу окуя менен да байланыштырып ийди:

- Кана, аксакалдар! Момун мусулмандар! Эгемендүү элибиз жаңы өкмөттүү болду. Ошого ылайык биз дагы жаңы муфтий кылып билимдүү-илимдүү Мажитти шайлап алалык! Кечеги кан кечкен балдар өздөрү бата беришкен бу кишиге. Кана, силер да бата берип койгула муфтий болсун деп. Кана, омий.. о-омийи-ин!

Батага чогулгандардын бир даары гана кошулушту. Муфтийдин милдетин аткаруучу Абдышүкүр-ажы Нарматов жыйналгандарга кайрылып, эч кандай баш-аламандыкка жол бербестигин эскертти:

- Бул маселени уламалар кеңеши чечиш керек. Он адам талапкер болобу, экөө талапкер болобу, мен өзүм талапкерлигимди койбой калышым да мүмкүн... мүмкүн... Бирок 4 күн мурда муфтийдин милдетин аткарып ту-ур дешкенде макул дедим. Дагы үч күн иштеймби, беш күнбү, шайлоого чейин баш-аламандыкка жол бербеймин! Уламалар кеңеши гана чечет муфтий маселесин.

Өзүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адисимин деп тааныштырган Базарбай Темишев жыйында эки тарапка кошулбай калыс тургандын ордуна мени кызматтан алса алып салсын деп өз ынанымын саймедиреп кирди:

- Мен бул жерге Каныбек Осмоналиевден суранып келдим. Мурдагы муфтийдин 2009-жылдын июль айында жасагандары ката. Анан курултай өтүп, жаңы жобо бекитилген, уламалар кеңеши шайланган. Алар мамлекеттик каттоодон 1991-жылкы мыйзам менен өткөн. 2008-жылы 31-декабрда жаңы мыйзам бекитилген. Муфтият ага ылайык 200 адамдан кем эмес мусулмандардын колдоосу менен кайрадан каттоодон өтүш керек болчу. Ошондуктан азыр уламалар кеңешин чакырсаңар чыр чыгат – силер мыйзамсызсыңар деп.

Биз Ошко – Садыкжан-кары Камалиддинге байланышка чыгып, кырдаалга байланыштуу пикирин сурадык. Маселени улмалар кеңеши гана чечүүсү зарыл экендигин баса белгиледи ал.

Дагы бир мусулман дин ишмери Дүйшөнбек-ажы Өтөнбай уулу болсо Ак үй жак тынчып, анан алардын арты менен муфтийлүү болуп муфтият тынчыса деген тилекте.

XS
SM
MD
LG