Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Ноокаттагы диний чатак улуттук маселени козутуудабы?


Хизб-ут тахрирчилердин айдагы менен болгон диний чатакты басуу, териштирүү иштеринен айыпталуучу тарап улуттук маселени көтөрүүгө далалат жасагандыгы айтылууда.

Хизб-ут тахрирчилердин улуттук маселеге от ыргытуусу тууралу Ош шаардык мэриясынын башкы адиси Курманбай Ташибаев мындай дейт:

- Хизб-ут тахрирчилер бардык чараларды көрүшүп, эми улут маселесине чабуул коё башташпадыбы. “Азаттыктын” угармандарына ачык айтып коёюн, Ноокаттагы чатактан кийин алар ушул назик нерсеге, өзбек-кыргыз маселесине жамына башташты.

Азыр эч кандай улуттук маселе жок деп эсептеген Ош мамлекеттик университетинин проректору Авазбек Асановдун айтуусунда, хизб-ут тахрирчилердин айдагы менен болгон диний чатакты басуу, териштирүү иштерине каршы тургандар жалган жагдайды чындай көрсөтүүгө негиз издеп табышкан. Негиз ушул – Ноокат, Өзгөн сыяктуу өзбек калкы жыш жайгашкан айыл, шаарлардын калкы тигилерди коргоо иретинде жалпы жабылып чыга калышы мүмкүн бизге – улутка тийишип атасыңар деп. Чын эле улуттук маселе, улуттук нааразылык бардай сезилет анан. Чыныгы экстремисттер ушул чалкеш жагдайды өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетиши да ажеп эмес.

Ал эми өзүн Марат деп тааныштырган Бишкек шаар тургуну улуттук маселени айткандарды коркутуу бийлик тарап үчүн өтө эле ийкемдүү, ошондуктан бул атайылап жасалып жаткан нерсе деп эсептейт:

- Улут аралык араздашууга шылтоолоп – үстүдөн басып-башкаруу оңой. Өзбектердин баары динге жакын болгондуктан аларга сес көрсөтүү керек. Бул жерде атайын мотив бар. Экинчиден, азыр Кыргызстанда экономикалык, саясий жана рухий кризис күч. Алардан элдин көңүлүн алагды кылыш үчүн улуттук маселе чыгып атат деп атайын жасап жатышат бийликтегилер өздөрү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректиринин орунбасары Канат Мырзахалиловдун ою боюнча, хизб-ут тахрирчилердин мамлекет коопсуздугуна өтө коркунучтуулугун комплекстүү түрдө караганда гана алардын улуттук маселеге жалаа жабуусу айрыкча зарыл экендиги даана көрүнөт.

Жаштардын диний билим алуусунун мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөгөндүгү - ушундай зыяндуу, экстремисттик көз караштарды толуктоого мүмкүнчүлүк ачып жатат. Мындай пикирин айткан Ош шаардык мэриясынын башкы адиси Курманбай Ташибаев жакында жаштар кандай шартта диний билим алап жатканын текшерүүгө катышкан. Салман Фарси мечитинде бүт балдарды таптакыр мектепке баргызышпай, ошол жерде күнү-түнү исламга окутушат экен. Аларды же билим берүү тармагынан издеген же эмнени кандай көз караштагы адамдар окутуп атканын текшерген эч бир адам жоктугу – таңгалыштуу.

Ош мамлекеттик университетинин проректору Авазбек Асанов болсо диндер боюнча, диний партиялар боюнча маалыматтарды берген сабак Кыргызстандын жалпы мектептеринде окутулушун жактайт. Ошол маалыматты, ошол билимди алган жаштар Хизб-ут Тахрир ислам партиясынан өзүн оолак кармамак, бул дүйнөлүк тажрыйба, деп эсептейт окумуштуу.

XS
SM
MD
LG