Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:05

Наримандагы аскердик операцияда эки адам мерт болду


Наримандын жашоочусу тытылып өрттөлгөн паспортун көрсөтүп жатат
Наримандын жашоочусу тытылып өрттөлгөн паспортун көрсөтүп жатат

Кара-Суу районунун Нариман жана Молотов айылдарында атайын аскердик операция маалында эки адам каза таап, жыйырмадан ашык адам жаракат алды.

Ош областтык комендатуранын басма сөз катчысы Тимур Шаршеналиевдин айтымында, Нариман айылындагы атайын операция учурунда атайын даярдыктагы аскерлер үй-үйлөрдү кыдырып, текшерип, тинтүүгө алышты. Текшерүү учурунда 11-13-июндагы Оштогу тополоң окуяларга катышы бар деген шек менен жети адам кармалды. Куралдуу каршылык көрсөткөндөрдүн ичинен эки адам каза тапты. Айылдын ичиндеги элден куралдар, жардыргыч заттар, октор табылды.

Комендатуранын маалыматына караганда, Нариман айылынын жашоочулары коюлган мөөнөттө куралдарын өткөрүп беришкен эмес, айылдын оозун тоскон баррикадаларды албай коюшкан. Ошто жана анын жака белинде тополоң окуяларболуп жаткан күндөрү бул айылга сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү келген Кара-Суу райондук милициянын башчысы менен анын айдоочусу кол салуудан каза табышкан эле.

Бир эле учурда текшерүү операциясы Молотов жана башка дагы эки айылда өткөрүлүп жатат. Коргоо министринин орун басары Таалайбек Өмүралиевдин айтымында, аталган айылдардын ичинде хизбутчулар, куралчан согушкерлер жашынып жатат деген маалыматтар түшүп жаткандыктан, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Атайын операция учурунда эки адам каза тапканын "Азаттыкка" Нариман аймактык ооруканасында жүргөн дарыгер Тимар Бадалов ырастады. Анын айтымында, бирөө ок тийип каза тапты, экинчисинин дене-бою жарылган.

Нариман жана Молотов айылындагылар өз кезегинде аскер күчтөрү карапайым тургундарга ок атышып, уруп-сабашты деп арызданышууда.

- Эртең менентен баштап БТРден, пулеметтон жана автоматтан атып жатышты. Андан кийин аскерлер үйлөргө кирип тинтип, эмнени койгонун, эмнени алганын билбейбиз. Мен ошол маалда качып кеткен элем. Акемдин баласынын документи туура болсо да, алып кетишти, - деди Молотов айылынын тургуну Гуламжан Бегалиев.

- Өзү паспортторду текшеребиз дешкен. Жок дебедик, көндүк. Ошого карабастан коркутуп-үркүтүп атышты башташты. Чочулап үйүнөн чыкпагандарды эшигин бузуп киребиз деп опузалап жатышты, - деди ушул эле айылдын тургуну Азамжан аттуу жигит.

Нариман айылынын жашоочусу Рузибай Юнусов аскерлер анын уулунун үйүн талкалап салганын, өзүн жаткызып алып урушкандарын айтып арызданды:

- Мени жаткызып алып автомат такап, башыма кундагы менен урду да. Акыл-эсимди дароо жоготуп коюпмун.

Укук коргоочулар Нариман айылындагы аскердик операциянын жүрүшүндө бейкүнөө элге зордук-зомбулук көрсөтүлдү деп сынга алышып, аны токтотуу талабы менен Ош областынын комендантына кайрылышты. Бул окуяга өзү күбө болгон белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова "аскерлер мыйзамсыз, зөөкүр форматта иштеп атат" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG