Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

1-Май майрамдык мелдештери


1- Май эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү Бишкекте салтка айланган тынчтык жарыштарын, мелдештер өткөрүлдү. Мурдакыдай көк бөрү мелдеши өткөрүлбөй калганына күйөрмандар нааразы.

Майрамдык жарыштар шаардык жана төрт райондун мектеп окуучуларынын, кесипчилик техникалык окуу жайларынын жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин катышуучу менен башталды.

Тынчтык жарыштарына катышууну каалаган окуучулар, студенттер арбын болгондуктан төрт райондун жөө күлүктөрү өзүнчө жарышты.
Свердлов районунун кыздарынын 1000 метрге жарышында марага 46- мектептин окуучусу Мария Ем биринчи келди. Уландардын жарышында Илья Мухин баш байгенин ээси болду.

Октябрь районунун мектеп окуучуларынын мөрөй талашуусунда жеңишке жетишкен Мунара Жандаеванын айтымында, жүздөн ашуун атаандаштарынан алдыга озуп чыгуу кыйын болду.

Ал эми Ленин районунун мектеп окуучуларынын миң метрге жарышында марага кыздардан Айпери Алмаз кызы, балдардан Жанарбек Жаныбек уулу озуп келишти. Баш байгенин ээси болгон Айпери Алмаз кызы 42-орто мектептин 9-класста окуучусу болсо да, жеңил атлетика менен машыгып, эл аралык аренада Кыргызстанды таанытууга ниет кылганын “Азаттыкка” билдирди.

-Жеңил атлетиканы абдан жакшы көрөм. Апам да эртең менен чуркап турат. Мен дагы эл аралык аренада мөрөй алып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткым келет. Чуркоону эч таштабайм.

Биринчи Май районунун окуучуларынын жарышына үч жүзгө чукул улан-кыз катышып, кыздардан Ксения Фаисканова жеңүүчү деп таанылды.

Жеңил атлетика менен машыкканына бир жыл болгон 18-мектептин окуучусу Кубан Ибраев топ жарып биринчи келип, алтын медаль тагынды. Ал өз алдынча гана машыгып жүргөнүн, устаттардын кеңешине муктаж экенин айтып берди.

Студентттердин жарыштарында Кыргыз улуттук университетинин өкүлү Юлия Фернас биринчи орунду ээледи. Жигиттердин мөрөй талашуусунда Лев Хорошко баш байгенин ээси болду.

Жарыштарда марага озуп келишкен жөө күлүктөргө Бишкектин биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов баалуу сыйлыктарды, байгелерди тапшырды. Биринчи вице-мэр Бишкекте майрамдык маанай өкүм сүрүп турганын айтып, мелдештер курч мүнөздө өткөнүн билдирди.

- 1-Май- шаңдуу майрам. Бүгүн дагы майрамдык маанайды спорттук бул тынчтык жарыштарына Бишкек шаарынын тургундары, мектеп окуучулары, студенттер катышты. Майрамдык маанай тартуулаган мындай мелдештер калктын ден соолугуна өбөлгө болмокчу.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча спорт ардагерлеринин жана өлкөнүн жөө күлүктөр клубдарынын өкүлдөрү 1000 метр аралыкта күч сынашты. Ардагерлерден марага озуп 53 жаштагы бишкек жөө күлүк Александр Левданский
биринчи орунду камсыз кылды.

Спорт чеберлери, дасыккан күлүктөр менен жарышта коло байгени утуп алган 57 жаштагы Жусуп Мураталиев ар күнү ден соолугу үчүн чуркап, 15 жылдан бери машыгаарын “Азаттыкка” айтып берди.

-Мен өзүмдүн ден соолугум үчүн чуркап жүрөм. Спорт чеберлеринен калышпай мөрөй алууга деле болот экен. Карылыкка моюн бербей чуркап жүргөн аксакалдар мага үлгү болду. 70-85 жаштагы башка улуттун өкүлдөрү жүгүрүп жүрөт. Ошондуктан мен дагы намыстанып, алардан калбай машыгып жүрөм. Чынында мен жөң гана спорт ышкыбозумун.

Ал эми Мэриянын, министрликтердин кызматкерлеринин жарыштарында биринчи орунду Октябрь райондук акимчилигинин кызматкери Гүлнара Дербишова, жигиттерден Бишкек шаардык социалдык камсыздоо башкармасынын кызматкери Арлен Сакенбаев камсыз кылышты.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында ушул сыяктуу массалык жарыштарды уюштуруп турса, жаштардын спортко болгон кызыгуусу ойгонуп, таланттуу жөө күлүктөрдү тандоого негиз берет.

1-Май майрамында Бишкекте уландар арасында грек- рим күрөшүнөн өлкөнүн бииничилиги башталып, эки жүзгө жакын жаш балбан күч сынашууда. Мелдештин жеңүүчүлөрү 2-майда аныкталат.

Ошондой эле 2- майда Кожомкул атындагы спорт ордосунда таэквондо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат.

1-Май майрамында Бишкектеги «Акула» ат майданында спорттун улуттук түрлөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп турчу. Бирок быйыл ат майданда улуттук ат оюндары, көкбөрү мелдештери өткөрүлгөн жок. Мындай көрүнүшкө көпчүлүк күйөрмандар нааразы.

-Май майрамдарында көңүл ачып, көкбөрү мелдештерине күбө болчу элек, быйыл болбой калганы өкүнүчтүү,- дейт күйөрман Туратбек Сыдыков.

1- Май майрамынын көркүн район, кичи аймактардагы балдар арасындагы кичи- футбол, волейбол мелдештери ачып, өспүрүмдөрдүн эсинде калды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG