Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Азиянын күмүшүн уткан суучул


Будапештте дзю-до күрөшүнөн Болот Төлөгөнов дүйнө жаштары олимпиадасына жолдомо алды. Азия чемпионатында кыргыз суучулу күмүш медаль тагынды.

Будапешт шаарында өткөн дзю-до күрөшү боюнча уландар арасындагы биринчи дүйнө чемпионатында 74 мамлекеттин балбандары күч сынашты. Анда дзю-до күрөшүнөн Кыргызстандын намысын беш балбан коргоду.

Жеңил салмакта күрөшкөн Сталбек уулу Нурсултан жаштык кылып, түштүк кореялык атаандашына алдырып койду.

60 кг салмакта самбо жана дюз-до күрөштөрүнөн Кыргызстандын чемпиону болуп жүргөн Артур Те да Будапештеги дүйнөлүк таймашууларда ийгилик жарата албады. Ал Грузиялык балбандан жеңилүү ызасын тартты.

66 кг салмакта Алишер Шекербек уулу эки атаандашын утканы менен финалдык топко кирбей калды.

Ошондой эле 81 кг салмакта күрөшкөн Абасбек Сабиров дагы кыргызстандыктардын ишенимин актай албады. Ал француз балбанына туруштук бере алган жок.

Беш жигиттин ичинен 90 кг салмакта күч сынашкан Болот Төлөгөнов гана чеберчилиги менен таанылып, эмидиги жылы Сингапурда өтө турган дүйнөлүк жаштар олимпиадасына жолдомо алды.

Өлкөнүн уландар арасында дзю-до күрөшүнөн улук машыктыруучусу Талант Дүйшөнбековдун пикиринде Будапештеги дүйнө чемпионатына Кыргызстандан бир дагы калыс барбагандыктан балбандарды көз көрүүнө басып, упайларын бербей калыстык болбоду.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде дзю-до күрөш боюнча балбандардан дагы үмүт кылып, байгелүү орундарга ээ болушат деген ишенич бар эле.

-Тилекке каршы дзю-до күрөшүнөн алатоолук беш балбандын бирөө дагы байгелүү орунга илинбей калды. Ошондуктан алардын чеберчиликтерин өстүрүп, такшалдырып туруу үчүн эл аралык ири мелдештерге катыштырып, чет өлкөлөр менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп туруу зарыл.

Өлкө жетекчиси Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев дзю-до күрөш федерациясынын президенти болгондуктан жаштарга жакшы шарт түзүлгөнү менен эл аралык мелдештерге көп чыкпай чеберчилиги аксап турганын адистер айтышууда.

Будапештеги дзю-до боюнча дүйнө чемпионатында командалык эсепте баш байгени бул спорттун башатына турган Жапон өлкөсүнүн балбандары жеңип алышты. Экинчи орунду Орусиянын жаш дзю-дочулары ээледи. Командалык эсептеги үчүнчү орун Түштүк Корея мамлекетине ыйгарылды.

Мындан сырткары дагы Кыргызстан үчүн маанилүү спорт жаңылыктары:

13-августта Индонезия өлкөсүндө велоспорт боюнча Азия чемпионаты башталды. Мында Кыргызстандын намысын көзгө басаар жалгыз велоспортчу Азия чемпиону, Азия оюндарынын бир нече жеңүүчүсү Евгений Ваккер коргоп жатат.

Ал мурда Германиядагы велоспорт клубунда машыгып келсе, былтыртан баштап Ирандын спорт клубу менен келишим түзүп, кесипкөй спортчу катары таанылган.

Кыргыз спортуна эмгек сиңирген спорт чебери Евгений Ваккердин устаты өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эркин Акрамовдун айтымында Индонезиядагы Азия чемпионатынын алдында алар эки жума Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүп, даярдык көрүштү.

Евгений Ваккер Индонезияда велотрек жана вело шоссе жарыштарында өлкө намысын коргоп жатат. Анын негизинен 42 км аралыкка жарышта байгелүү орундарга жетип калуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин устаты Эркин Акрамов маалымдады.

Мурдагы жылы “Б” тобундагы велоспортчуларынын дүйнө чемпионатында Евгений Ваккер марага биринчи келип, алтын медаль тагынган.

Ошондой эле бул күндөрү Жапониянын борбору Токиодо сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынын мөрөй талашуулары өтүүдө. Кыргызстандын намысын алты суучул жигит коргоп жатышат.

Алардын катарында мурдагы жылы Азия чемпионатында жеңүүчү болушкан Юрий Захаров менен Василий Данилов да бар.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында Токиодо 400 метрге эркин ыкмада сууда сүзүүдө кыргызстандык Василий Данилов марага экинчи келип, Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды.

Сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынын калган жеңүүчүлөрү 14-августта аныкталат.

Бул күндөрү Түштүк Кореяда таэквон-до боюнча “Ханмаданг” эл аралык фестивалы өтүүдө. Бул фестивалда Кыргызстандын намысын Бээжин олипиадасынын катышуучусу Расул Абдураим баштаган төрт балбан коргоп жатышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG