Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

"Алыш" күрөшү боюнча Азия чемпионаты


“Алыш” күрөшүн Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти маркум Баяман Эркинбаев негиздеген.
“Алыш” күрөшүн Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти маркум Баяман Эркинбаев негиздеген.

«Алыш» күрөшүнөн Азия чемпионатына катышуу үчүн Бишкекке сегиз өлкөнүн балбандары келишти. Таймашуулар 10-мартта башталат.

“Алыш” күрөшү боюнча Азия чемпионаты 5 категориялык салмак боюнча өткөрүлүп, мында Кыргызстандын намысын тандалган жыйырмадан ашуун балбан коргойт.

Азиялык таймашууга Кожомкул атындагы спорт ордосун шайма-шай даяр экенин, чемпионаттын калыстарынын кеңешмеси өткөрүлгөнүн спорт ордосунун жетекчиси Болот Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Бел кур “Алыш” күрөшү боюнча эл аралык федерациянын президенти Гинтаутас Вилейттын маалыматына караганда күрөштүн бул түрүн олимпиадалык оюндардын жадыбалына киргизүү үчүн 4 континентке жайылып, дүйнө жүзүндө жетимиштен ашуун өлкөдө мелдештер өткөрүлүп туруусу шарт.

Кыргызстандын Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун пикиринде “Алыш” күрөшүн Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти маркум Баяман Эркинбаев негиздеп, эл аралык аренада тааныткан. Бирок Баяман каза болгондон кийин бел кур күрөшү эки ажырымга бөлүнүп, эрежелери бирдей болсо дагы эки башка федерация түзүлгөн.

-Маркум Баяман Эркинбаевдин негизги максаты "Алыш" күрөшүн дүйнөлүк олимпиадалык оюндардын катарына кошуу эле. Бирок эң өкүнүчтүүсү баарынын башын бириктирип "Алыш" күрөшүн дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, ар жерде кумдай чачылган күрөш өнөрүн чоң спортко айландырган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын биринчи шайланган депутаты Баяман Эркинбаевдин алдыга койгон максаттары орундалбай калган. Себеби анын көралбаган душмандары өмүрүнө кол салып, жарык дүйнөдөн жок кылышкан. Кыргызстанда “Алыш күрөшү”, “Лейлек күрөшү”, “Кыргыз күрөшү” жана “Фергана күрөшү” боюнча өз алдынча мелдештер өткөрүлүп келген. Кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлге көтөрүү демилгеси колдоого алынбай, ара жолдо калган. Учурунда парламент депутаты болуп турган маркум Баяман Эркинбаев болсо “Алыш” күрөшү боюнча көп аракеттерди көрүү менен Азия жана дүйнөлүк “Алыш” федерацияларын уюштуруп, чет жерге таанытууга салым кошкон.

"Алыш" күрөшү арыш керип, дүйнө элдерине таанылып, эл аралык мелдештерден тышкары дүйнө, Азия чемпионаттарын өткөргөн. 2003-жылы Иран Ислам Республикасынын борбору Тегеранда дүйнөнүн экинчи чемпионаты өткөрүлүп, анда Кыргызстандын командасын маркум Баяман Эркинбаев өзү баштап барган.

Алыш күрөшү боюнча Азия жана дүйнө чемпионаттары учурунда Иранда, Түркия жана башка өлкөлөрдө өткөрүлүп, спорт адистеринин көңүлүн бурган. Баяман баштаган демилгени анын жесири Чолпон Султанбекова колго алып, “Алышты” дүйнөгө таанытуу, жайылтуу аракетин көрүп келатат.

Ушул сыяктуу бел кур менен күрөшүп келген дүйнө элдерин бириктирген эл аралык бел кур күрөш федерациясынын түзүлгөнүнө 9 жыл болуп, жыл өткөн сайын таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат. Бул демилгени Орусиядагы башкырлык ишкерлер колдоого алып, бардык улуттардын бел кур менен күрөштөрүн жана улуттук күрөштөрүн бириктирип, ээлик кылып алышты.

Өзбекстанда бухара, фергана күрөшү болуп бөлүнгөнү менен жалпы күрөш федерациясын президент Ислам Каримов өзү жетектейт, ошондуктан өзбек күрөшү дүйнөлүк деңгээлге чыгып отурат.

Монгол элинде болсо, улуттук күрөштүн жеңүүчүсү - монгол баатыры деп аталат. Казак күрөшү түндүк-түштүк болуп бөлүнбөйт.

Кыргызстанда кыргыз күрөшү түндүк-түштүк, лейлек, алыш, чүйлүк болуп бөлүнүп келет. Антсе да, "Алыш" бел кур күрөшүн Азия оюндардын жадыбалына киргизүүгө аракеттер көрүлүүдө.

«Алыш» күрөш федерациясы 10 жылдай убакыттан бери алгылыктуу иштерди жасап келе жаткандыгын спорт адистери белгилеп жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG