30-апрелде Бангкокто уландар жана кыздар арасында дзю-до күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталат. Мында Кыргызстандын курама командасы өлкө намысын коргоп, мөрөй талашат. Машыктыруучу Талант Дүйшөнбековдун айтымында Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 14 кыз-жигит Тайланд өлкөсүнө барышты. Делегацияны команданын башкы машыктыруучусу Тахмина Назармухамедова жетектеп, баш-көз болуп жүрөт.
Ушул Банкоктогу Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген кыз-жигиттерге август айында Сингапурда өтүүчү Жаштар Олимпиадалык оюндарына жолдомо ыйгарылат. Адистердин баамында жолдомо алуу үчүн таймашуулар курч мүнөздө өтүүдө. Азия биринчилигинин жеңүүчүлөр 3-майда аныкталат. Мындан сырткары, Азия чемпионатында кыргызстандык Абас Тынаев эл аралык даражадагы калыс наамын алуу үчүн сынак тапшырмакчы.
Өлкөдөгү март окуяларына байланыштуу Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатында Жогорку Лигадагы беттешүүлөр үзгүлтүккө учураганы менен кайрадан таймашуулар өтө баштады. Быйыл Жогорку лигада Кант шаарынын «Абдыш-Ата» командасы учурда алдыңкы сапта келе жатат.
Өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Дастан Конокбаевдин билдиргенине караганда чемпионаттын беттешүүлөрү кайрадан улантылып жатат. Футболдон өлкө чемпионатынын күмүш байге ээси Канттын “Абдыш-Ата” командасы учурда жети упай топтоо менен топ баштап, алдыда баратат. Турнирдик жадыбалдын экинчи сабында - алты упай алган өлкөнүн 6 жолку чемпиону Бишкектин «Дордой» командасы келүүдө. Ал эми үчүнчү орунда кайрадан жаңы түзүлгөн Бишкектин «Алга» командасы келеатат. Таймашта жети команда оюн жүргүзүүдө.
Бишкекте 7-9-майда Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүүгө камылгалар көрүлүүдө. Быйылкы таймаш Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналат. Турнир жылдагыдай эле Кожомкул атындагы Спорт сарайында өткөрүлөт. Кыргызстандык балбандар менен катар таймашта Орусия, Казакстан жана Өзбекстан атлеттер да катышмакчы.
Учурда Бишкекте окуучулар арасында тогуз коргоол боюнча шаардын биринчилиги өтүүдө. Тогуз коргоол федерациянын вице-президенти Камчыбек Касымовдун айтымында, мелдешке 8 команда катышып, шаардын ар-бир районунан экиден команда күч сынашып жатышат. Ар бир команда курамында үч бала жана эки кыз бар. Мелдештин жыйынтыгана жараша Бишкек шаарынын тандалма командасынын курамы түзүлөт.Өткөн жылы Бишкек курама командасы республикалык спартакиадада 3-орунду ээлеген.
Тогуз коргоол боюнча өлкө чемпионаты Баткен областынын Кадамжай шаарчасында 3- майда башталат. Мурда чемпионатты Бишкекте өткөрүү пландаштырылган болчу.
«Бирок улуттук спорттун түрлөрүн өлкөнүн аймактарында өткөрүү максатында биз спорттун бул түрүн өлкөнүн ар кайсы аймагында өткөрүүнү чечтик»,- деди Камчыбек Касымов.
Мелдеш 3-9-май күндөрү өтүп, тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алууга шарт түзүлөт. Ал эми спорттун бул түрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул жылы Астанада өтөт.
Бишкекте, 2-майда велосипеддик мотокросс боюнча жарыш өтөт. Мелдеш «Россия» кинотеатрынын алдында, Чүй проспектиси жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.
Мелдештин жүрүшүндө 90 см бийиктикке секирүү, трамплинден 2 метрге дейре жана атайы планка аркылуу 180 градус бурулуш менен секирик жасоолор каралган.
Стол тенниси боюнча кыргыз курама командасы дүйнөлүк чемпионатка даярданууда. Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун маалыматына ылайык, 2010-жылга карата негизги эл аралык, Азия жана олимпиадалык таймаштардын календарлык планына ылайык, чемпионат Москвада 23-30-майда өтмөкчү.
Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Алмазбек Касеновдун айтымында Бишкектеги борбордук “Спартак” стадиону мындан ары спорт тармагын 32 жыл жетектеген маркум Дөлөн Өмүрзаковдун ысымында аталат.
Мамлекеттик жана спорт ишмери, өлкө маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Дөлөн Өмүрзаков 1927-жылы 22-апрелде Сузак районун Багыт айылында туулган. 1948-жылы П.Ф.Лесгафт атындагы Ленинград дене тарбия институтун бүтүргөн. 1948-52-жылдары ошол эле институтун гимнастика кафедрасынын мугалими жана аспиранты болгон. 1953-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, 1953-54-жылдары Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министринин орун басары, 1954-59-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин, 1959-69-жылдары Министрлер Советинин алдындагы спорттук коомдор жана уюштуруу кеңешинин төрагасы, 1969- 1984-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы. 1984-жылдан ардактуу эс алууга чыккан. Өлкөнүн дене тарбия жана спорттук өнүктүрүгө зор салым кошкон. Анын жетекчилиги астында өлкө аймагына ири спорт сарайлары, стадиондор салынган. Өзүнүн аты коюлуп жаткан “Спартак” стадионун жана Кожомкул атындагы спорт ордосун да курууга зор салым кошкон. Эмгеги үч «Ардак белгиси», «Эл Достугу» ордендери жана медалдары менен сыйланган.