Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:16

Ататүрктү эскерүү спартакиадасы


19-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 15 жылдыгына карата Ататүрктү эскерүү боюнча биринчи спартакиада болуп өттү. Мөрөй талашууга 14 команда катышты.

Биринчи спартакиада «Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы» деген ураандын алдында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 15 жылдыгына арналып өткөрүлдү. Спорттун 10 түрү боюнча 23 комплект байге үчүн мөрөй талашууга 395 студент катышты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Сулайман Кайыповдун айтымында 19-май Түркияда Ататүрктү эскерүүгө арналган жаштар спорт майрамы катары өткөрүлгөндүктөн Кыргызстанда дагы бул жөрөлгө салтка айланмакчы:

- Мындай Спартакиада жаштардын спортко болгон мамилесин жакшыртат. Ошондуктан жаштардын ден-соолугу үчүн бардык шарт түзүп берүү зарыл.

Тогуз коргоол, шахмат акыл таймаштары, спорттун жеке түрлөрү: күрөш, дзю-до, билек күрөш, жеңил атлетика боюнча жеңүүчүлөргө медалдар, баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Командалык мөрөй талашуулар волейбол, стритбол жана футбол мелдештери күйөрмандардын сүрөөсү менен өткөрүлдү.

Футбол боюнча биринчи орунду инженердик факультеттин командасы камсыз кылды. Күмүш байге коммуникация факультетинин футболчуларына ыйгарылды. Үчүнчү орун экономика факультетинин командасына берилди.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи спартакиадасынын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жогорку окуу жайынын дипломдору, кубоктору жана демөөрчүлөрдүн баалуу белектери менен сыйланды.

Командалык эсепте баш байгени экономика жана башкаруу факультетинин студенттери жеңип алышты. Экинчи орун дене тарбия жана спорт боюнча жогорку мектебинин командасына ыйгарылды. Коммуникация факультети байгелүү үчүнчү орунга ээ болушту.

Биринчи спартакиаданын башкы калысы жана уюштуруучусу, дене тарбия жана спорт боюнча жогорку мектебинин жетекчиси Канат Жанузаковдун айтымында быйыл күзүндө Анкара шаарында түрк тектүү элдеринин студенттеринин биринчи спартакиадасы өткөрүлүп, ага Кыргызстандын командасы дагы катышат.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дене тарбия, спортко көңүл буруп, биринчи саамалык уюштурганы менен жалпы студенттер арасындагы республикалык спартакиадалык оюндардын деңгээли төмөндөп кеткенин, көп жогорку окуу жайлары катышпай калып жатканын өлкөнүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери Бообек Кадыркулов “Азаттыкка” билдирди:

-Кыргызстандын студенттеринин командаларынын даярдыгы өтө төмөн болду. Уюштуруу иштери да чийки болуп калууда. Жалпы студенттердин Универсиадасынын деңгээли начар болсо, өткөрүп кереги жок деген ой кетти. Каражаттын тартыштыгынан Спартакиада түштүк жана түндүк аймактарында бөлүп өткөрүлүшү, жакшы натыйжа бербей жатат. Облустардын жетекчилери элдин ден соолугун ойлоп, спортко болгон мамилесин өзгөртөт деп ойлогом, бирок андай болбой жатат.

Спартакиада - спорттун көп түрү боюнча өткөрүлүүчү массалуу жана комплекстүү мелдештер. Биздин заманга чейинки байыркы Римдеги кулдардын көтөрүлүшүнүн жетекчиси Спартактын урматына аталган. Мурдакы кеңеш өкмөтүнүн биринчи Спартакиадасы 1923-жылы Санкт-Петербургда өткөрүлгөн.

Орто Азия республикалары менен Казакстандын биринчи Спартакиадасы 1932-жылдан баштап өткөрүлө баштаган.

1934-жылы биринчи Бүткүл кыргызстандык Спартакиада болгон. Ал эми мектеп окуучуларынын Спартакиадасы 1954-жылдан баштап ар жыл сайын өткөрүлүп келатат.

Бул мелдештер өспүрүмдөрдүн ден-соолугуна өбөлгө болуп, чоң спорттун эшигин ачкан. Спартакиадалар Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө салым кошуп, улан-кыздарды спортту, Мекенди сүйүүгө, патриот, намыскөй болууга үйрөткөн.

Жакында эле Бишкекте Кыргызстандын мектеп окуучуларынын Спартакиадасы болуп өттү.


XS
SM
MD
LG