Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Азия чемпионатындагы кыргызстандык балбандардын 10 медалы


13-июнда Кытайда жаштар арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Кыргызстандык балбандар 10 медаль утуп алышты.

Кытай Эл Республикасынын Хуангшанге шаарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты өтүп, анда жыйырмадай мамлекеттин балбандары күч сынашты.

Грек-рим күрөшүнөн Азиялык таймашууларда Кыргызстандын намысын сегиз балбан коргоду. Алардын катарында былтыр эр-азаматтар арасында 120 кг. салмакта Азия чемпионатынын коло байгесин уткан Мурат Романов да мөрөй талашып, бардык атаандаштарын жеңип, быйыл Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынды.

Өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаевдин айтымында, Кытайдагы Азиялык биринчиликте кыргызстандык жаш балбандар грек-рим күрөшүндө үмүт актап, 1 алтын, 6 коло байге утуп алышты:

-Грек-рим күрөшүнөн оор салмакта Мурат Романов Азия чемпиону аталып алтын медаль тагынды. Ошондой эле 50 кг салмакта Мирлан Калчанов, 60 кг салмакта Кубанычбек Алтышмышбаев, 66 кг салмакта Кожобек Эсенгелди уулу, 74 кг салмакта болсо Нурсултан Малаканов, 84 кг салмактагы Аман Токтогонов жана 96 кг. салмакта Тынчтык Токторбаев биздин ишеничти актап, алтоо тең үчүнчү орундарды ээлеп, коло байгелүү болушту.

Кытайдагы Азия чемпионатында грек-рим күрөшүндө 55 кг. салмакта күрөшкөн Элдар Бегалиевдин гана жолу болбой, намыстанып келди.

Мурда уландар арасында грек-рим күрөшүнөн Уран Калилов, Канат Бегалиев, Калыбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев дүйнө жана Азия чемпиондору болуп, өлкөнү тааныткан.

12-июнда эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары башталып, 13-июнда жыйынтыкталды.

Өлкөнүн күрөш спортун өнүктүрүү борборунун жетекчиси Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, караганда эркин күрөштөн жеңил салмакта Изат Кадыров коло байгелүү болсо, 74 кг салмакта күрөшкөн Илгиз Жакыпбеков финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды.

Кытайда кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча Азиялык таймашуусунда Кыргызстандан жеңил салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Махриницо Нурматова бул ирет дагы үчүнчү орунду камсыз кылып, коло байгелүү болду.

Мурдакы жылдары эркин күрөш боюнча уландар арасында Азия чемпиондугун кыргызстандык Сүймөнкул Табылды уулу жана Могамед Будунов утуп алышкан.

Уландар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан Улан Надырбек уулу гана жеңип алган. Учурда Азия чемпиону Улан 16-Азия оюндарына даярдык көрүүдө.

Жаш балбандардын чеберчиликтерин өстүрүп, такшалдырып туруу үчүн эл аралык ири мелдештерге катыштырып, чет өлкөлөр менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп туруу зарыл. Себеби Бээжин олимпиадасында Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев мөрөй алып, күмүш жана коло байге уткандан бери өлкөдөгү жаштардын көбү күрөшкө дилгир болушуп, таланттуу жаш балбандар жетилип келатат. Буга Кытайда өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыктары далил.

Быйыл июлдун аягында Будапеште жаштар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты болот.
Ага Азия чемпионатынан мөрөй алган кыргызстандык жаш балбандар дүйнөлүк таймашууга даярдык көрүшөт.

Ошондой эле быйыл август айында Сингапурда өтө турган дүйнөлүк жаштардын биринчи олимпиадасына учурда кыргызстандык 3 жаш балбан жолдомо алып, даярдык көрүүдө. Алардын ысымдарын атай кетели:

Кыргызстандык жаш балбан Урматбек Аматов уландар арасында Ташкенте өткөн Азия чемпионатында 58 кг. салмакта бардык атаандаштарын жеңип, Азия чемпиону аталуу менен жаштар олимпиадасына жолдомо алган.

50 кг. салмакта өлкө намысын коргогон Шадыбек Сулайманов экинчи орунду ээлеп, ал дагы Сингапурда өтө турган жаштар олимпиадасына жолдомо алып, жолу ачылган.

Ушул Ташкенттеги Азия чемпионатында кыз-келиндердин эркин күрөш таймашуусунда таластык Айша Акбарова 46 кг. салмакта күч сынашып, үчүнчү орунду камсыз кылуу менен ал дагы жайында Сингапурда өтө турган жаштар олимпиадасына жолдомо алган.
XS
SM
MD
LG