Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:32

Кыргызстан алгач ирет атайын кышкы олимпиадалык оюндарга катышты


7-февралдан 13-февралга чейин АКШдагы Бойсе шаарында бүткүл дүйнөлүк кышкы атайын олимпиадалык оюндар өткөрүлдү. Олимпиадалык атайын оюндарга 95 мамлекеттен 3 миңге жакын атлет катышты.

АКШнын Айдахо штатынын Бойсе шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк кышкы атайын олимпиадалык оюндарга 95 өлкөнүн 9 жаштан жогору акыл-эси тубаса кем төрөлгөн жаштары катышты. Өлкөнүн “атайын олимпиада” уюмунун президенти Канат Мамбеталиев баштаган 8 өкүл атайын оюндарга Кыргызстандын туусун көтөрүп барышты.

Атайын олимпиадалык оюндарда спорттун 8 түрү тоодо лыжа тебүү, түз жерде лыжа жарышы, коньки спорту, полдо хоккей ойноо, сноуборд, тепкич кар, көркөм муз тебүү боюнча мелдештер таасирдүү өттү.

Оюндардын чектеринде атайын олимпиаданын шаарчасы фестиваль жана оюн зоок чаралары, ошондой эле “Дени сак атлет” программасы уюштурулуп анын жүрүшүндө спортчулар медициналык тейлөөдөн өттү.

Каражаттын тартыштыгынан жана жолдун алыстыгынан Кыргызстандан эки бала, эки кыз лыжа жана коньки жарыштарда мөрөй талашты.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, Кыргызстандын өкүлдөрү кышкы атайын олимпиадалык оюндарга алгач ирет катышып, тажрыйба алмашып Бишкекке 17-февралда түштөн кийин келишет.

Алардын кышкы спорттогу тажрыйбасы аздыгы, чеберчилиги төмөн болгонуна карабай, мөрөй алышпаса дагы өзү курактуу курбаларынын жоон ортосунда жүрүштү.

Он жаштагы кырргызстандык Светлана Оленбургер лыжа менен жарышка катышып, жоон ортодо жүргөнү менен ийгилик жарата албады.

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн лыжа менен жарышына да он жаштагы бишкектик Давид Виндилевский катышты. Анын аттандаштарынын чеберчилиги жогору болгондуктан Давид алдыга озуп чыга албады.

12 жаштагы бишкектик Жазгүл Жакшылык кызы коньки менен айланып жарышууда өз тобунда кытайлык, америкалык атаандаштарынан эки ирет алдыга озуп чыккан менен баш байгеге талапкер боло алган жок.

Ушундай эле коньки жарыштарына катышкан Адилет Султаналиев дагы кытайлык, катарлык атаандаштарынан алдыга озуп чыкканы менен байгелүү орундарга илинбей калды.

Өлкөнүн “атайын олимпик” уюмунун жетекчиси Канат Мамбеталиевдин баамында, дүйнөлүк атайын оюндарга Кыргызстандын туусун көтөрүп барып, балдардын катышкандагы кубанычы эл айтып бүткүс окуя.

Кыргызстанда мындай акыл-эси тубаса кем төрөлгөн балдардын ден-соолугуна көңүл бурулганы менен аларды спортко тартуу иши көз жаздымда калып келген. Мындай жаштар үчүн атайын спорт жайлары, имараттар жокко эсе. Балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн билген спорт адистери да табылбайт. Атайын олимпик спорт мектеби уюштурулса, анын бөлүмдөрү аймактарда түзүлсө, 100 миңге жакын балдардын катарынан шыктуулары спорттун түрлөрү менен машыгуусуна өбөлгө болмок. Мындай балдар өкмөттүк деңгээлде камкордукка муктаж экенин өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов кошумчалады.

- Бул мезгил талабы. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныта турган балдар бар. Аларга шарт түзүп, камкордукка алуу гана зарыл. Мурдакы атайын оюндарга бизден 1-2 спортчу гана барса, былтыркы жылы Шанхай өткөн атайын оюндарына 20дай спортчу барып катышып келишти. Эми минтип кышкы атайын олимпиадалык оюндарга жол ачылды.

Акыл-эси тубаса кем төрөлгөн балдарды социалдык жактан коргоо боюнча марафондор өткөрүлүп жүрөт. Анда чогулган каражаттын бир үлүшүн атайын спортчуларды колдоого жумшаса, алар спорт менен ден-соолугун чыңдап, келечекке болгон ишеним отун жандырат эле.

Соопчулук, демөөрчүлүк жагын өлкөгө белгилүү ишкерлер да колго алып, коомчулук да мындай балдарга көңүл бурса дешет «атайын олимпик» уюмунун адистери.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG