Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Таэквондодон дүйнөгө таанылып,18 медаль алгандар


Италиянын Рива Дель Гарда шаарында өткөн таэквондонун ITF версиясы боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандыктар 9 алтын, 4 күмүш жана 5 коло медаль утуп, 45 өлкөдөн командалык эсепте төртүнчү орунду ээлешти.

Өлкөнүн таэквондо боюнча башкы машыктыруучусу Нуриса Мамбеталиеванын айтымында дүйнө кубогу үчүн 45 мамлекеттен 133 команданын бир жарым миңге жакын спортчулары мөрөй талашкан.Ал күч сынашууларда Кыргызстан эң алдыңкы беш өлкөнүн катарына киргенин кубануу менен билдирди.

Италияда мөрөй алып жеңишке жетип, дүйнө күбогунда алтын, күмүш жана коло медаль утуп, Кыргызстанды даңаза кылгандар төмөнкү спортчулар болду.

58 кг салмакта бишкектик Рустем Ахмеджанов дүйнө кубогунда 1 алтын,1 күмүш жана 1 коло жеңип алууга жетишти. Рустем негизги атаандаштары Европа мамлекеттеринен чыккан спортчулар болгонун билдирди.

Ал эми Кыргыз улуттук университетинин биринчи курсунун студенти Абдыкадыр Нарзуллаев алтын жана коло медаль тагынды. «Мелдеш курч мүнөздө өтүп, жеңишке кыйынчылык менен жеттим», - деди Абдыкадыр Нарзуллаев.

Ошондой эле 63 кг салмакта Артем Прибытков 1 алтын жана 1 коло байгенин ээси болду. 50 кг салмакта Ирина Волошина 1 алтын, 1 күмүш медалды утуп, жеңиштин бийик сересине эки ирет көтөрүлдү.

15 жашка чейинки уландар арасындагы таймаштарда Рыскелди Анарбек уулу, Денис Цой, Максим Ким, Баатырбек Таалайбек уулу баш байгенин ээси болуп, дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрү аталышты.

Алардын бири Бишкек шаарындагы 9-орто мектебинин 9-классынын окуучусу Баатырбек Таалайбек улуу жол азабын тартып келишкенине кайыл болуп, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытканына кубанганын, Италиянын Венеция тарыхый шаарын көрүп келишкенин айтып берди.

Бул Италияда өткөн дүйнө кубогунда спорттук мыкты мамлекет аталган Орусия Кыргызстан жана Аргентинадан кийинки 6-орунга илинип, алардын спортчулары 5 алтын, 7 күмүш, 12 коло байгенин ээси болушту.

Биринчи жана үчүнчү орунду дүйнө кубогуна 150 спортчусу менен катышкан Польша өлкөсү ээледи. Экинчи орунду Ирландия өлкөсү камсыз кылды. Төртүнчү орунду Кыргызстан, бешинчиликти Аргентина ээледи.

Кыргызстандын таэквондонун ITF федерациясынын башкы катчысы Диляра Шейшенованын айтымында кийинки таэквондо боюнча дүйнө кубогу 2010-жылы Аргентинада күзүндө болмокчу. Ал эми Азия чемпионаты эмдиги жылы Казакстанда өткөрүлөт.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG