Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

З.Акбагышева: Кыз ала качуу аялдарга зомбулук көрсөтүүнүн бир түрү


Кыргызстанда кыз ала качуу каржылык тартыштыктан улам көбөйүп баратканын жана мындай ыкма менен үй-бүлө куруу аялдарга зомбулук көрсөтүүнүн бир түрү экендиги жөнүндө Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.

- Замира айым сиз жакында түзүлгөн Коомдук Ордо Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайландыңыз, ушул коомдук палатанын гендердик саясатты ишке ашырууда алдыга койгон пландары барбы?

-Биз Ордо Кеңеште атайын гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча, көзөмөл кылуу жаатында атайын комиссия түздүк. Буюрса, ошол комиссия жакын арада пландарды ишке ашыруу боюнча, кандай суроолорду караш керек, кайсы тармакты көзөмөлдөп анализ кылыш керек, мына ушул сыяктуу маселелер боюнча эл арасында ар кандай социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын натыйжасында ишке киришсекпи деп турабыз.

- Аялдар көп жапа чеккен үйбүлөдөгү зомбулукка каршы дагы мыйзам кабыл алынбады беле, ал мыйзам турмушка кандай ашырылууда?

-Аялдарга зомбулук жалгыз эле Кыргызстанда эле эмес жалпы дүйнө жүзүндөгү эзелки замандан бери келаткан чоң көйгөйлүү маселе.Бул көйгөйдү чечүү боюнча бизде бир катар иш чаралар өткөрүлүп жатат. Эки жума мурда биздин Аялдар Конгрессинде ушул маселе каралып, ЕККУ колдоп, алар өздөрүнүн социологиялык сурамжылоосун өткөрдү. Биздеги кыздарды ала качуу көрүнүшү аялдарга жасалган зомбулук катары каралууда.

Айта кете турган нерсе, кыз ала качууну угуп алышып АКШда, Европада жана бир топ өнүккөн өлкөлөрдө бизди цивилизациядан артта калган өлкө болуш керек деп мамиле кылып жатышат. Алар бул жакка изилдөөчүлөрүн, журналисттерин жиберишип өзгөчө таңгалышып, “бул эмне деген салт болду?” экен деп элдин арасында сурамжылоо жүргүзүшүп жатышат. Ошондуктан 21-кылымда кыз ала качуу деген абдан терс көрүнүш болуп жатат. Биздин элибиздин аброюна шек келтирген нерсе болуп жатат.

- Кыз ала качуунун көбөйүшүнүн себептери эмнеден улам болууда?

-Элден сурамжылоо жүргүзгөндө 28 пайызы кыз ала качуунун финансылык себептери бар деп айтышты. Кызды ала качып кетсең көп нерселерди жасабай, той-топурга азырак каражат кетет экен деген ойлорду айтышкан.

Биздин изилдөөлөр боюнча айыл жерлеринде болсо 57 пайыз үйлөнгөндөр кызды ала качуу ыкмасы менен үй-бүлө кургандар экен. Ал эми ЕККУнун сурамжылоосу боюнча ала качып үйлөнгөндөр дээрлик 80 пайыз болуп кетиптир.

Кыз ала качуу аялдарга зомбулук көрсөтүүнүн бир түрү болуп жатат. Ошондуктан ушул маселе боюнча Кыргызстан аялдар конгресси бир топ уюмдардын башын кошуп чоң иш чараларды өткөрүп, эл арасында түшүндүрүү иштнрин жүргүзсөкбү деп жатабыз.

XS
SM
MD
LG