Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Көрөрү бүтүп, өлөрү калгандарды ким коргойт?


"Курманбек Салиевич, эмне үчүн ушул көрөрү бүтүп, өлөрү калган адамдардын алдында уялып койбойсуз?” - деп жазды “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити. “Дело №...” гезити “Бакай-Банктан” 615 миң доллар накталай акча алган бойдон дайынсыз житип жок болгон адамдын кармалганын, ал ушул эле банктын Жалал-Абаддагы филиалынын кызматкери болуп чыкканын кабарлады.

“Мен телевизорго чыгып алып, ээгинин алды эки этаж, желкеси жети этаж болгон аткаминерлердин уят-сыйыт дегенди жыйыштырып салып, “бюджетте акча жок, тарнспорт эскирген, ошондуктан кары-картаңдар үчүн жолкире акысына жеңилдик берилбейт” деп айткандарын уккан сайын ар бирин бир айдан каткан нан менен карандай чайга диетага олтургузуп алып, анан сөз бергим келет. Кезинде завод менен фабрикаларда, курулушта, талаада иштегендер, Кыргызстан деген мамлекетти кургандар бүгүн таштанды челектерди аңтарып, тамак-аш жана тынч өлүмдү издеп жүрүшөт. Кары-картаңдардын орточо пенсиясы көбөйгөндөн кийин 2138 сом болду, мунун 1110 сому же жарымы эптеп жан бакканга, калганы квартира төлөмдөрү менен дары-дармектерге кетет...

Курманбек Салиевич, эмне үчүн ушул көрөрү бүтүп, өлөрү калган адамдардын алдында уялып койбойсуз?” деп жазды “Московский комсомолец Кыргызстан” гезитинин кабарчысы Елена Агеева өзүнүн пенсионерлер жөнүндөгү макаласында.

Ушул эле гезит “Манастагы” аскер базасынын ордуна транзиттик борбор түзүлгөнүнө окурман көңүлүн буруп, окуянын мындай чукул бурулушун президент Обоманын жеңиши катары баалады. КМШ өлкөлөрүнүн Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин саммити учурунда Беларусь президенти Александр Лукашенко Орусияга “сүт согушун” жарыялаганын, орус президенти муну эки өлкөнүн өз проблемалары деп сыйпалатканы менен Лукашенконун бул демилгеси менен өзбек президенти Ислам Каримовдун Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрдү түзүүгө катышуудан баш тартышы, эми Орусия менен деле эсептешпей койсо болот дегенди каңкуулап турат деп түшүндүрдү.

“Буга кошумча француз жана америка президенттеринен келген каттар, Түркия менен Ооган башчыларынын жолугушуулары, кенедей өлкөгө ушунчалык чоң көңүл бурулганы, сыягы кыргыз лидерин өрөпкүтүп, башын айландырып салды өңдөнөт. Курманбек Салиевич америкалыктар менен орус президенти Африкада жүргөндө сүйлөштү. Демек далыга бычак саюунун эң эле ыңгайлуу учурун тандап алды” деп жазып чыкты.

Ушул эле “МК Кыргызстан” андан ары Ново-Павловка айылындагы кароосуз калган балабакчанын имаратына ошол эле айылдагы майыптар, пенсионерлер, медиктер балдары менен көчүп кирип жашап келгенин кеп кылган. 95-жылдан 2004-жылга чейин имаратты бүлүндүрбөй кармап жана ай сайын электрэнергиясы үчүн 150 сомдон төлөп туруу үчүн келишим да түзүлгөн.

Эми жергиликтүү мыкчыгерлер ушул имараттагы 28 үйбүлөнү “баскынчылар” деп атап, айдап чыгып жатат. Беш баласын жетелеген Базаркүл Райымбекова кайда барарын билбей айласы кетүүдө. Ал эми ушул эле Ново-Павловка айлынын кире беришинде Курманбек Бакиевдин эгер адилет шайлоо болсо кыргызстандыктардын баары камкордукка алынарын убада кылган үгүт тактасы илинип турат. Тилекке каршы Конституциянын гаранты болгон адам мурдунун ары жагындагы адамдардын конституциялык укугунан – шайлоо укугунан ажырап калгандыгын көрбөсө керек деп баяндады.

“Дело №...” гезити “Бакай-Банктан” 615 миң доллар накталай акча алган бойдон дайынсыз житип жок болгон адамдын кармалганын, ал ушул эле банктын Жалал-Абаддагы филиалынын кызматкери болуп чыкканын кабарлады.

Гезит өзбек-кыргыз чегарасын талдоого алган көз карандысыз эксперт Мурат Сүйүнбаев менен аңгемелешкен. Эксперт Сүйүнбаев алтургай ШКУга мүчө болуп турса да Өзбекстан бирде тиякка ооп, бирде биякка ооп, көптөгөн маселелерге келгенде өзгөчө позицияны ээлеп келатканына токтолуп, мындай көрүнүш авторитардык режимдеги мамлекеттерге мүнөздүү болорун, бир туруп АКШны өнөктөш санаса, бир туруп анын аскер базасын Ханабаддан айдап чыгарганын эске салып, бул деген ошол өлкөнүн башында турган адамдын башкаруу жолоюна байланыштуу экендигин белгиледи.

Мурат Сүйүнбаевдин пикиринде Өзбекстандын бийлиги Фергана өрөөнүндөгү социалдык толкундун кан басымынын кескин көтөрүлүп кетишиненн сактап туруу үчүн да ушундай саясат жүргүзүүгө аргасыз. Өз өлкөсүндө туруктуулукту камсыз кылып тургандыгы үчүн эле Кыргызстан ага ыраазы болушу керек. Кокус Каримовдун ордунда башка бирөө болгондо, кудай билет, ушинтип бөтөлкөдөн чыгып кетчү “жинди” тыгындап турарын.

“Террорчуну 40 миң долларга сатып алышканбы?”. Мына ушундай суроо койгон гезит жакында болуп өткөн Жалал-Абаддагы окуяны жазды. Мурда спецназдын же атайын бөлүктүн кызматкери болуп, кийин соттолуп, кайра бошотулган Хасан Сулайманов өлтүрүлгөн террорчулардын арасынан чыкканын маалымдады. Хасан кезинде жалган паспорт менен кармалып, соту болуп, Бишкектин Свердлов райсотунун судьясы Жакыпбек Төлөев тарабынан 2 жылга эркинен ажыратылган, бирок башка бир судья кылмыш ишин кыскартып, мөөнөтүнөн мурда бошотуп жиберген. Мунун баарын ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов ачыкка чыгарган, депутат мырза сот менен прокурор террорчуну акча менен бошотуп, анан ал акчаны экөө тең бөлүп алышкан деп доомат койгон. Акыры парламент бул окуяны иликтөөнү өлкөнүн Баш прокуратурасына тапшырган.

“Бирок депутат Сулайманов сот менен прокурорду сатып алыш үчүн террорчу берген акчанын суммасын каяктан билген? “Ал Каидадагы” Өзбекстан Ислам Кыймылына 40 миң доллар төлөп бергендер ким? Тилекке каршы бул суроолорго эч кандай жооп алалган жокпуз” дейт “Дело №...” жумалыгы.

Аталган гезит “Манас” аэропортундагы коалициялык күчтөрдүн аскердик базасына байланшыкан акыркы окуяларга да макала арнады. “АКШ аскербазасы Кыргызстандан чыгарылат деп ырасмий түрдө жумурай-журт эле эмес дүйнөгө жар салынганы менен анын кыргыз жергесинен чыгып кетерине эч ким деле ишенген эмес. АКШ Кыргызстанда эми чындап кала турган болуп калды шекилдүү. Келишим 10 жылга түзүлдү деген менен 10 жылдан кийин да бир шылтоо ойлонуп табылары турган иш, бирок Америка деген азырынча бир гана Айды өз экри менен таштап кеткен болучу” деп жазды.

“Доллардын күнү бүттүбү?” деген макала чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо карадажаттарында жарыяланган четөлкөлүк журналисттердин жазгандарынан жыйналып жарыяланган.
XS
SM
MD
LG