Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Кыргызстан аза күтүүдө


Кыргызстанда 9-10-апрель аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жума күнү борбордук Ала-Тоо аянтында мындан эки күн мурун каршылык акцияларында каза тапкан 76 адамды жоктогон аза күтүү митингиси болду.

9-апрель күнү Ак үй алдына аза күтүү митингисине агылгандар кан аккан жерлерди гүл менен орошуп, аздек менен куран окуу аземин өткөрүштү. Куран окулуп жатканда ак жоолукчан эне бетин жашка чайып мындай деди:

-Ушул күнөөсүз пенделерге ок атып, канын төгүп, кырчындай жаш балдардын өмүрүн алган күнөөкөрлөрдү жараткан өзү жазаласын. Шейит кеткендерге жараткан аркы дүйнөдөн бейишин берсин. Кыргызстанда мындан ары кан төгүлбөсүн. Элим-жерим деген акыйкаттуу падыша келсин ылайым.

Токмоктук тургун: Төңкөрүшкө деп беш миң адам келгенбиз. Чындык издеп, акыйкаттуу бийлик деп келгенбиз.(ыйлап) Ушул жерде жүрөм. ( сөөмөйү менен Ак үйдү жаңсап көрсөтүп) Тээтиги жактан снайперлер бизге карата ок атышты. Бомба таштады. Өз көзүм менен көрдүм. Кан төгүлдү. Көз алдыбызда ок тийип, жаш балдарыбыз жан беришти. Оо, жараткан десе жаткан жерлери жай болсун. Элдик бийлик орноп, арбактары ыраазы болсун!

Кыргыз кыйын учурда биригет дегендей миңдеген жарандарды төгүлгөн кан бириктирип турду. Анда окко учкандарды кыргыз элинин баатыры катары акыркы сапарга узатууну туура көрүштү. Шейит кеткендерди ар заманда эскерип туруу керек дешти.

Хатам Жалалдинов: Урматтуу боордоштор! Жаш жигиттер кыргыз эл үчүн, жер үчүн кан төккөнгө кайыл болушту. Окко төшүн тоскондорду жыл сайын эскерип, куран окуп турушубуз керек. Кантип ок атылганын көрдүк. Кан төгүлгөн окуяны, өз көзүбүз менен көрдүк. Элге ок аткан Бакиевчилерди ушул жерде элдин алдына алып келишсин. Ушул жерде эл жазаласын. Антпесе азыркы бийлик бул кан төгүлгөн окуядан таасир албай калышы мүмкүн. Азыркы келе турган бийликке сабак болуш үчүн бул төгүлгөн кан эч качан өчпөш керек. Эгерде бул бийлик дагы мурдагы бийликтин каталыгын кайталаса, биз канга кан кылабыз. Өч алабыз. Бул төгүлгөн кан бей жерден төгүлбөш керек. Биз азыркы оппозициянын бийликке келиши үчүн эмес, Кыргызстанда элдик бийлик орнош үчүн кан төгүп, жанды тиштеп күрөшүп жатабыз.

Улукбек: Ушул жерде окко учуп, жан берген эр жигиттерди ар дайым, Ак үйдүн алдына келип эскерип турушубуз керек. Ал бийликке да таасир берип, унуттурбай турат. Кыргыз эли элдик бийлик кантип орногонун ушул тогүлгөн кандан көрүп, эскерип туруш керек деп ойлойм.

Динара: Мен Алма-Атыда иштеп жүрүшкөн кыргыздардын атынан келгем. Кан деген бул жөн эле эмес. Кан төгүү деген бул ант. Эл үчүн, улуттун эртеңкиси үчүн, жеримди сактап калам деген кыйындардын тагдырын кайталап, кан төгүү болуп эсептелет. Бул азаматтарды эч качан унутпайбыз.

Кандуу окуяга күбө болгон адам: Митингди колдогондордун биримин. Ушул каны төгүлгөн жигитти көргөм. Ал ким экенин билбейм. Бирок кыргыздын туусун көтөрүп алып, желбиретип, дал ушул жерде туруп алып, элди “качпагыла” деп кыйкырып жатыптыр. Бир маалда ок атыла баштады. Эки-үчөө кулады.Бир аздан кийин ок атылганына карабай эл качпай калды. Өтө таң калдым. Элдин мынчалык кайратына, жедеп жандарына баткандыкты көрдүм да. Ак үйдүн үстүнөн снайперлерден жөн эле басып бараткан элге деле ок атылып атты.

Көз жашын көлдөткөн ак саамайлуу эне Бүбүра Кыдыралиева чогулгандарга кайрылып мындай деди:

- Кагылайын эл-журтум, кагылайын кыргыз элим! Мен жанагы Ата Бейитти көргөзгөн кемпир болом. Сексен үч жаштын тамагын ичип жүрөм. Мен атайын ушул жерге келдим. Улам чоңдор алмашып, жеп-ичип тойбой, тиштери жарылганча кууратты бизди. Кемпир-чалдын көбү карылар интернатында жүрөт. Балдар жумушсуз. Мынтип кан төгүштү. Кантейин, эл-журт кайрат кылгыла. Артыңарды карагыла! Кыргыз деген бир кан! Бириккиле, кан үстүндө бириккиле!

Кагылайын балдарым. Ата Бейитти көргөзгөндөн кийин көргөн кордугум толтура. Барсыңбы деген киши жок. Кайдыгерлик толтура. Эмне дейин мындан ары кан төгүлбөсүн.

Аза күтүү митингисинин катышуучулары ок аткандарды жазалоо керек деген пикирге келишти. Аны кийинки келе турган бийликтин милдетине тапшырышты. Кан төккөндөрдүн бир курдайы жаш жигиттер экенин белгилешип, турмуш каатчылыгы карапайым жаш жигиттердин жанына батканы менен түшүндүрүшүп, келе турган бийлик бул кан төгүү окуясынан сабак алуусун шартташты. Элдик бийлик орномоюн кан төгүлүү кайталана берет деген сөздөрдү канын төккөн жарандардын арбагына табыштап айтышты.
XS
SM
MD
LG