Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Оскар сыйлыгы алгачкы ирет аял режиссерго берилди


Кэтрин Бигелоу Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде. Лос-Анжелес, 7-март, 2010-ж.
Кэтрин Бигелоу Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде. Лос-Анжелес, 7-март, 2010-ж.

Дүйшөмбүгө караган түнү Америкалык киноакадемия жыл сайын тапшырылчу Оскар сыйлыгынын жаңы ээлерин атады. 82 жылдык тарыхы бар Оскар сыйлыгы бул ирет мыкты тасма жана мыкты режиссерлук үчүн алгачкы ирет аял режиссерго тапшырылды.

Ирактагы согушта жолго, же ар кайсы жерге коюлган бомбаларды таап, аларды иштен чыгарган атайын аскерий адистердин кылдын учундагыдай күнүмдүк жашоосун баяндаган “Бороон эгеси” фильми башкы сыйлык үчүн кино технологиясындагы “жаңы керемет” аталган “Аватар” менен атаандашты. Бул экөө бирдей тогуз категорияда Оскар сыйлыгына көргөзүлгөн. Дүйнөнүн ар тарабындагы кассаларда 2 жарым миллиард доллардан ашуун акча чогулткан “Аватар” менен 20 миллион доллардай акчага билет сатылган “Бороон эгеси” ортосундагы таймашты – бул эки тасманын режиссерлору мурдагы жубайлар экени ого бетер кызытты.
Ошентип, ортодогу талаш артта калып, 58 жаштагы Кэтрин Бигелоу Голливуддун тарыхында мыкты режиссер катары Оскар сыйлыгын алган алгачкы аял болуп калды.

“Бул өмүрдө бир келчү саам экен, башкача кантип сүрөттөйсүң, - деп Американын кино жаатындагы башкы сыйлыгын колуна кармаган Бигелоу залда чогулгандарга кайрылды. - Мен ушундай бир таланты ташкындаган, таасири зор режиссерлор тобу менен бул сыйлыкка чогуу талапкер болуп көрсөтүлгөнүмө өтө сыймыктанам. Алардын айрымдарына ондогон жылдардан бери суктанып келатам. Баарыңарга терең ыраазымын”.
Мурунку күйөөсү Дэвид Кэмеронду Оскардын башкы категорияларында жеңген Бигелоу сыйлыкты Ирак менен Ооганстанда жана дүйнөнүн башка жерлеринде өмүрүн тобокелге салып, аскер кызматында жүргөн аялдар менен эркектерге арнаарын айтып, алардын аман-эсен үйлөрүнө кайтып келишин тилек кылды.
“Бороон эгеси” – көп жагынан талаш-тартыштар жаратууда, айрымдар Ирактагы кырдаал али тынчый электе ал тууралуу тасмага башкы сыйлык бергенди туура көрбөсө, АКШда жашаган сержант Жефри Сэрвер аттуу согуш ардагери тасма менин башымдан өткөндөрдү баяндайт, мен ал үчүн акча алган жокмун деп сотко кайрылды. Кээ бир бомбаны зыянсыздандыруу боюнча адистер тасмада алардын кесиби натуура чагылдырылган деп нааразы. Баары бир бул тасма көргөн кишилерди кайдыгер калтырбаары талашсыз, кээ бир бөлүгүндө Ирактагы кан төгүүнүн өтө чынчыл көргөзүлгөнү көңүлдү оорутпай койбойт.
Кино өндүрүшүндөгү жаңы сөз аталган “Аватар” техникалык категориянын үчөөндө Оскарды жеңди. Эркектердин ролун мыкты аткарган актерлор арасынан башкы сыйлыкты Жефф Бриджес улгайып бараткан, чарчап-чаалыккан ырчынын образын жаратканы үчүн татыктуу деп табылды. Аялдар арасынан быйылкы Оскар Сандра Буллокко “Көрүнбөс тарап” тасмасында көчөдө кароосуз калган баланы асырап алып, андан футболдун жылдызын таптап тарбиялаган эрки күч аялды аткарганы үчүн тапшырылды.
Айтор, быйылкы Оскарга көргөзүлгөн жана жеңген тасмалар азыркы дүйнөдөгү жана коомдогу талаш-тартыштуу, көйгөйлүү көрүнүштөрдү чагылдырат. Айрым эксперттер айткандай, маданият саясатсыз жашай албай калдыбы, же тескерисинчеби?

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG