Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Устатынын адашканын шакирти билет


Варшава -- Атактуу поляк жазуучусу жана улуттук журналистиканын атасы Рышард Капушински. 2003-жылы тартылган сүрөт.
Варшава -- Атактуу поляк жазуучусу жана улуттук журналистиканын атасы Рышард Капушински. 2003-жылы тартылган сүрөт.

Өткөн кылымдагы атактуу журналисттердин бири, таанымал поляк жазуучусу Рышард Капушински өзүнүн макалаларында көп учурда чындыкты көркөмдөп жазган.Өзү көрбөгөн окуяларды көргөндөй кылып көрсөткөн. Жазуучунун чыгармачылык өмүрүн изилдеген журналист Артур Домославскинин жаңы чыккан китебинде ушундай деп айтылат. Полшанын адабий чөйрөсүндө бул китеп жаңжалга айланды.

Рышард Капушински мындан үч жыл мурда каза болгон. Көзү тирүү кезинде ал өз өлкөсүндө "улуттук баатырга" тете ысымга айланган. Полша пресс-агенттигинин чет элдик кабарчысы болуп иштеп, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америка өлкөлөрүндө эчен ирет болгон. Патрис Лумумба, Че Гевара, Иди Амин жана башка көптөгөн атактуу кишилерге жолугуп, көзмө-көз маектешкен.

Улуттук журналистиканын атасы
Согуштардын, кандуу төңкөрүштөр менен революциялардын чордонунан алып жазган анын репортаждарын поляктар эле эмес, башка жактарда да тытып окуп турушкан. Эски бийликтер аны оппозиционер катары Полшага бут бастырбай койгондо Капушински Европадагы жана Америкадагы бир катар гезиттерге иштеген. Аны эки жолу Нобел сыйлыгына көрсөтүшкөн. Кыркка жакын эл аралык сыйлыктарга арзыган, улуттук репортаж жанрынын "атасы" болуп таанылган.1995-жылы жалпы элдик сурамжылоодо ал "кылымдын эң мыкты журналисти" деп табылган. Анын китептери ондогон тилдерге которулган.

Капушинскинин эфиопиялык диктатор Хайле Селассие ("Император"), Ирандын акыркы падышасы Реза Пехлеви ("Шахиншах”), СССРдин куларга жакын жылдары ("Империя") тууралуу очерктери, "Геродот менен саякат", "Кара дарак" жана башка китептери актуалдуу журналистиканын эле эмес, көркөм адабияттын да классикасына айланган.

Капушински өз макалалары менен очерктерин жаңылык катары кабыл алганга болбой турганын ачык моюнга алган, өз иштерин ал "адабий репортаж" жанрындагы эмгек деп атаган. Опуртал көп окуялардын ортосунда болуп, жанын оозуна тиштеп иштегенин да жашырган эмес.

"Коркунуч деген абдан жаман нерсе. Эчтемеден коркпогон адамды мен өмүрүмдө көргөн жокмун", -деп айткан ал 2004-жылы ага арналып тартылып, "Акын фронттун алдыңкы чегинде" деп аталган даректүү филмде.

Жарым жалган,жарымы чын...
"Улуттук баатыр" дегендей абройго жеткен Капушинскини эми Gazeta Wyborcza гезитинин кабарчысы Артур Домоволски "жарымы жалган, жарымы чын" репортаждарды жазган, көп окуяларды көркөмдөп баяндап салган деп эсептейт. Домоволскинин 600 беттен турган изилдөө китеби 1-мартта Полшада сатыкка түштү. Эң кызыгы – Домоволски өзү Капушинскинин шакирти болгон, анын көп таалим-тарбиясын алган.

Өз устатын Домоволски деле жогору баалайт, чын эле өткөн кылымдагы бараандуу ысымдардын бири болгон деп эсептейт. "Мен болгону өз китебимде татаал мезгилде жашаган адамдын өмүрү да татаал болгонун көрсөткүм келди. Мен аны абдан жакшы билип калдым, ал менин досум жана шефим болгон, кесипкерлик өмүрүмдө ал мени такай таң калтырып, шүйшүнтүп келген",- деп айтты Домоволски "Азаттыктын" кабарчысына.

Ошол эле учурда Капушинскини бүгүнкү журналистиканын ченем-чегинен караганда анын бул кесипке жакындаша бербеген жактары да болгонун көрүүгө болот. Маселен, фактыларды так, болгонун болгондой бергендин ордуна аларды көп учурда тексттин көркөмдүгүнө, эстетикалык шөкөтүнө садага чаап салган учурлары болгон. Өзү көрбөгөн, күбө болбогон окуяларды жанында тургандай кылып жаза салган, алар үчүн өз оюнан эле кандайдыр бир каармандарды таба койгон. 1968-жылы Мексикада болбосо да бул жерде болуп өткөн кандуу кагылыштарды өзү көргөндөй кылып жазып койгон. Че Гевара менен да жолуккан эмес.

"Капушински журналистикада эксперименттерди жасаган, муну менен ал репортаждын жана адабияттын ортосундагы чек араны бузуп жатканына көңүл бурган эмес, -деп ырастады Домоволски "Гардиан" гезитиндеги маегинде. – Мен анын китептери эң сонун, баалуу экенин танып жатканым жок, мен айтайын дегеним алардын баары журналистика эмес, беллетристика болуп саналат. Болгону ушул".

Өз китеби өлкөнүн адабий коомчулугунда улуттук ыйык ысымга акаарат кылгандай кабыл алынганына токтолуп, Домоволски муну коом өзү бекем ишенген мифтерин, улуу адамдар тууралуу өзү түзүп алган уламыш-жомокторун талкуулаганга али даяр эместиги менен түшүндүрдү.

Ырастан эле, Домоволскинин китеби жарыкка чыкпай жатып эле атактуу жана абройлуу жазуучулар менен маданий ишмерлердин "төө бастысында" калды.

Легендарлуу репортажчынын аялы Алиция Капушинска сотко арыз жазып, китептин сатыктан алынышына жана ага тыюу салынышына жетишүүнү көздөп жатат.
XS
SM
MD
LG