Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Борбор Азиядагы окуялар батыш басма сөз каражаттарында талкууланууда


Казакстанда өнөр жай дөөлөрγнө каршы өнөктγктүн кγч алышы, Ханабад окуясы жана Борбор Азиядагы маңзат аткезкилигинин көбөйүшү батыш басма сөз каражаттарында да чагылдырылды.

Лондондо чыгуучу The Financial Times гезити, “Казатомпром” компаниясынын жетекчисинин камакка алынышынын чоо-жайын иликтеген макаланы жарыялады. “Казатомпромдун” мурдагы президенти Муктар Жакишев жана компаниянын 7 кызматчысы “мамлекеттик казынадан ири өлчөмдөгү каражатты уурдады” деген айып менен камакка алынганы билдирилген макалада, бул - ресурска бай өлкөдө коррупцияга каршы багытталган ырасмий өнөктγктγн жүрүшүнө ишара кылары бышыкталат.

Макалада “оппозиция Казакстанда кийинки аралыкта жогорку даражалуу ишкерлерге каршы жγргγзγлγп келаткан бул өнөктγктγн, экономикалык кризис тереңдеп бараткан учурда, казак элитасынын өлкөнүн стратегиялык мааниси зор өнөр-жайларын колго алууга болгон далаалаты” деп жазылган. “Казатомпромдун” уран өндγргөн дγйнөдөгγ экинчи ири компания экени маалымдалган макалада, советтик доордон калган банкрот бир фирма болгон “Казатомпром” Жакишевтин жетекчилигинде Тγндγк Америка, Орусия, Кытай жана Жапония өңдγγ өлкөлөр менен келишимдерди тγзγп, глобалдык өлчөмдөгγ ири бир атомдук өнөр-жай фирмасына айланганы айтылат.

Eurasia View интернет баракчасында жарыяланган макалада Ханабаттагы окуялар баяндалат. Өзбек бийлиги, Ханабат жана Анжиянда болгон жардыруу, кыргыз тараптан келген “Ислам жихат” уюму аталган топ тарабынан ишке ашырылганын доо кылып келсе, кыргыз бийлигинин бул маалыматтарды төгγндөп жатканы билдирилген макалада, “өзбек бийлиги бул окуялардан өлкөнγн саясий, экономикалык жана коомдук маселелерин чечγγдөгγ өздөрγнγн жетишсиздигинен алагды кылуу максатында пайдаланып жатышат” деген саясий байкоочулардын пикири чагылдырылат.

Аталган баракчада жарыяланган айрым бир макалада болсо, жер көчкγ жана селдерден азап тарткан Тажикстанга эч кγтγлбөгөн бир кошунасы жардам колун созгону билдирилип, ондогон жылдардан бери Тажикстан менен мамилеси солгун Өзбекстандын апрел жана май айында нөшөрлөп жааган жаандан улам оор кырсыктарга дуушар болгон Тажикстанга шашылыш азык-түлүк жана курулуш материалдарын жеткиргени баяндалат.

“Жаш тγрктөр” (The Young Turks) деп аталган интернет баракчада Ооганстанда өндγрγлгөн маңзаттардын Орто Азия өлкөлөрү аркылуу Орусия жана Европа өлкөлөрγнө тымызын ташылып жатышы Борбор Азия жумуруяттарынын жетекчилеринин башын катырган эң орчундуу маселелердин бирине айланып калганы билдирилет. Көлөмдγγ макалада өзгөчө Кыргызстан жана Өзбекстандагы абалга талдоо жасалып, маңзат аткезкилигинин улам өсγп баратышы бул аймакта канчалык татаал саясий, экономикалык жана коомдук кубулуштар өкγм сγрγп жатканын чагылдырары билдирилет.
XS
SM
MD
LG