Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Эгемен Кыргызстан: карааны бар, өзү жок демократия


Батыш басма сөз каражаттары ушул аптада Борбор Азия өлкөлөрүндөгү окуяларга да кайрылышты.

“2000-жылдардын орто ченинде демократияга карай арымдуу кадамдар менен жылып жаткансыган Кыргызстан эми авторитардык режимге карай кулап баратат” деп жазат “Ачык демократия” аттуу британиялык кордун интернет баракчасында чыккан макалада.

Анда “2005-жылы жоогазын ыңкылабынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиевге да ошол кезде демократ деген көз менен карашчу. Газ же мунай өңдүү табыйгы байлыкка ээ болбогон бул өлкөгө, аны тегеректеген авторитардык режимдерге прогрессивдүү бир алтернатива боло алат деген үмүттөр артылды. Бирок үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган камакка алуулар кадимки көрүнүшкө айланды. Кыргызстан артка карай кетенчиктөөнүн үстүндө” деп айтылат.

Бул макалада Курманбек Бакиевдин экинчи жолу президенттикке шайлангандан бери өлкөдө күчөгөн мыйзам бузуулар жөнүндө кеңири маалымат берилет.

Лондондо чыгуучу “Guardian” гезити да өткөн аптада чыккан макалаларынын биринде Кыргызстан менен бирге дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдө 1990-2000-жылдары ишке ашкан ыңкылаптардын өңүтүнөн карап, учурдагы абалга сереп салынат.

“Жаңы ыңкылаптарда прогрессивдүү күчтөр карапайым эл менен бирге эмес, аларга каршы күрөшүп жатат. Интеллигенция менен карапайым элдин ортосундагы кадимки өнөктөштүккө интеллигенциянын өзү бүлгүн салууда” деп айтылат макалада.

Макалада 1989-жылы Берлин дубалынын урашынан тартып, Чыгыш Европада орун алган махмал ыңкылаптарга чейинки дүйнөдө болгон укмуш маанайдагы өзгөрүштөр менен, 2000-жылдардын орто ченинде пост-советтик аймакта ишке ашкан түстүү ыңкылаптар жана алардын натыйжалары салыштырылган.

“The Times of Central Asia” аттуу басылманын интернет баракчасында 29-августта Казакстандын Семей полигонунда советтик эң алгачкы өзөктүк куралдын сыналганынын 60 жылдыгына сереп салынган.

Макалада казак президенти Нурсултан Назарбаев бир учурда “Казак журтунун драмасы” деп сүрөттөгөн, Семей чөлүндө 40 жылга созулган өзөктүк жардыруулардан чыккан жаң Семей өрөөнүндө 18 миң чакырымга чейин тарап, ал жерде жашаган элдин гана эмес, бүт аймактын калкынын ден-соолугуна оор зыян тийгизгени жана бүгүн да ал жардыруулардын кесепеттүү мурасы улантылып жатканы баса көрсөтүлөт.
XS
SM
MD
LG