Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Батыш басма сөзү: тебеленген укуктар жана балдар эмгеги


Батыш басма сөз каражаттарында Кыргызстанда журналисттерге кол салуулар, Казакстандын ЕККУнун төрагалыгына карата пикирлер, Орусия, Казакстан, Беларус биримдиги тууралуу темалар орун алды.

“Журналисттерди коргоо” комитети кыргыз өкмөтүн өлкөдө журналисттерге каршы күчөп бараткан кол салууларды токтотууга чакырды. Уюмдун интернет баракчасында жарыяланган кайрылууда өткөн аптада Бишкекте сабалган орусиялык журналист Александр Евграфов мисалга тартылып, Кыргызстанда журналисттерге кол салуулар 2007-жылдын октябрында Алишер Саиповдун өлтүрүлүшүнөн кийин күчөп баратканы белгиленет.

Eurasia View интернет баракчасында чыккан макалада бир топ америкалык конгрессмен пахта чарбасында балдардын күчү пайдаланылып жаткандыктан Өзбекстанга соода боюнча чектөөлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыкканы билдирилген.

“Өзбекстан балдардын эмгегин пайдаланууну токтото турганын бир нече жолу айтканына жана бул тууралуу өткөн жылы улуттук план жарыялаганына карабастан, декабрда эл аралык “Эмгек укуктары” форуму жарыялаган баяндамага ылайык, өзбек бийлиги өзүнө алган милдеттенмелерин аткарган жок” деп айтылат макалада.

Түркияда чыгуучу Hurriyet гезитинде Армения менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу максатын күткөн жараяндын учурдагы абалына сереп салган макала жарыяланды.

“Түркия менен Армениянын ортосунда октябрда кол коюлган келишимдер ушу күндөрдө бурулуш учурга жеткени байкалат” деп айтылган макалада, октябрда кол коюлган протоколдор эми эки өлкөнүн парламенттерине жолдонору баяндалат. Анда расмий Анкара Тоолуу Карабак чатагы жөнгө салынмайын Армения чек арасынын ачылышына алып бара турган протоколдорду ратификациялабай турганын билдирген.

Лондондун Economist жумалыгынын кезектеги санында “Султан бийликти колго алган жатат” деген тема менен макала жарык көрдү. Анда ЕККУнун кезектеги төрагалык нооматын өткөрүп ала турган Казакстандын бул орунга ылайыктуулугу тууралуу көз караш билдирилип, казак бийлиги бул милдетти алуу үчүн шайлоо жана басма сөз мыйзамдарына “көргөзмө үчүн” өзгөртүүлөрдү киргизип, саясий партиялардын катталуусуна мүмкүнчүлүк жаратканына карабастан акыркы учурларда медиа каражаттары жана диний мекемелер куугунтукка алынып жатканы белгиленет.

Түркиянын Zaman гезити Казакстан, Орусия жана Беларустун ортосунда бажы биримдиги түзүлгөнүн кабарлады. Анда Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин Алматыда өткөн бейрасмий саммитте президенттер Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында Орусия, Беларус жана Казакстандын ортосунда бажы биримдигин түзүү тууралуу келишимге кол коюшкан.
XS
SM
MD
LG