Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Орус православ чиркөөсү жаңы патриарх шайлайт


Архиерей собору үч талапкерди тандады. 25-январь 2009-жыл.
Архиерей собору үч талапкерди тандады. 25-январь 2009-жыл.

Ушул жумада орус православ чиркөөсүнүн жаңы башчысы шайланат. Бул орунга архиерей собору өткөн жуманын этегинде үч талапкердин атын атады. Бүгүн ачылганы жаткан Поместный собордун өкүлдөрү аларга кошо өздөрүнүн кандидаттарын да көрсөтө алат.

Архиерей собору үч талапкерди 145 иерархтын ичинен жашыруун жабык добуш менен тандап алды. Алардын ичинен Смоленск жана Калининград митрополити Кирилл 97 добуш алды. Калуга жана Боровск митрополити Климентке – 32, ал эми Минск жана Слуцкий митрополити Филаретке –16 добуш тийди.

Митрополит Кирилл азыр патриахтын убактылуу милдетин аткарып жатат. Италиялык эксперт Романо Скалфи аны Россиядагы жана андан тышкаркы жерлердеги миллиондогон диндарларга кеңири таанымал диний ишмер катары мүнөздөдү. 2007-жылы ал Рим папасы Бенедикт XVI менен жолуккан, жалпысынан католиктер менен православдар ортосундагы алакаларды чыңдоону жактайт.

“Ал чиркөө иштерин жана анын мамлекеттер менен карым-катнашын жакшы түшүнөт. Патриарх болуунун улуу озуйпасына да анын башкаларга караганда мыкты даярдыгы бар. Ошондуктан мурдагы патриархтын жолун улантып, ал католиктер жана башкалар менен ымала түзгөнгө жетише алмак”,-дейт Скалфи.

Бирок Поместный собор башка талапкерди колдоп кетиши да мүмкүн. Анын үстүнө православ иштери боюнча интернет сайттын редактору Александр Солдатовдун айтымында, архиерей соборундагы кырдаал кадимки шайлоо алдындагы кырдаалдан айрымаланган жок. Москва патриархаты үчүн талапкерлерди шайлоо кыйын-кычыктуу, ыпылас жана агрессивдүү мүнөздө болду. Митрополит Кириллдин тарапкерлери ар кайсы интернет-блогдордо жана форумдарда атаандаштарды каралаган кабарларды, материалдарды жарыялап турду.

Деген менен мындай пикирлерди архиерей соборуна катышкандар төгүнгө чыгарышты. Алардын ичинде Петропавлов жана Камчатск, Вена жана Австрия, Кострома жана Галич архиепископтору талапкерлерди тандоо биримдиктин духунда, калыс жана чынчыл мүнөздө өттү деп ырасташты.

Москванын жана жалпы Рустун он алтынчы патриархы ким болсо да ага Алексий IIден калган мурастарды улантууга туура келет. Баарыдан мурда орус православ чиркөөсү Кремль менен мурдагыдай эле жылуу ыкыласын сактап калганга умтулат болуу керек. Өз кезегинде Путин президент болуп турган жылдары Кремлдин да чиркөөгө таасири күч алды.

Орус православ чиркөөсүнүн Поместный собору бүгүн ишин баштайт. Ага бардык чиркөөлөрдөн 700 өкүл келет.Александрийский чиркөөсүнөн, Грузиядагы, Албаниядагы, Польшадагы, Чехия менен Словакиядагы чиркөөлөрдөн, Финляндиядагы автономдуу православ чиркөөсүнөн да делегаттар болот.

Жаңы патриархты собор 29-декбарда жабык добуш берип шайлайт. Ыйык орунга жаңы патриарх 1-февралда отургузулат.

Бүт дүйнөдө православ чиркөөсүнүн 165 миллион ыкыласманы бар,Россиядагы калктын 70 процентке жакыны өздөрүн православ эсептешет.
XS
SM
MD
LG