Түркмөнстанда 24-октябрдан бери дайын-дареги билинбей жаткан 24 жаштагы дарыгер-кардиолог Касымберди Гараев 6-ноябрда түнүндө үйүнө кайтып келди. Ал өткөн айда кумса экенин, сексуалдык азчылыктын өкүлү болгону үчүн кодуланып жатканын жана зордук-зомбулукка да кабылганын айтып "Азаттыктын" түркмөн кызматына интервью берген. Коопсуздук себептеринен улам алгач анын маеги "Камил" аттуу адамдын атынан жарыялаган.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы күч түзүмдөрүндөгү өз булагына таянып, Улуттук коопсуздук министрлиги кумса экенин ачык айтып чыккан адамды издеп, жаш дарыгерлерди бирден текшере баштаганын билдирген.
Касымберди Гараев 24-октябрда Ашхабадга милицияга чакыртылган боюнча дайын-дареги билинбей жаткан. Мындан улам "Азаттыктын" түркмөн кызматы Гараевдин аты-жөнүн ачык жарыялоого аргасыз болгон.
6-ноябрда кечинде алгач Касымберди Гараевдин атасы "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен байланышып, кабарчылар менен уулун сүйлөштүргөн. Анда өзүн кумса деп атаган дарыгер буга чейинки айткандарынын баарын төгүнгө чыгарып, "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчылары менен маектешкенин танган.
Буга чейин «Human Rights Watch» жана сексуалдык азчылыктардын укугун коргогон бир катар уюмдар түркмөн бийлигинен дарыгер Касымберди Гараев тууралуу маалымат берүүнү, эгер ал камакта болсо, тез арада бошотуп, эмне себептен камакка алынганын түшүндүрүүнү талап кылып жаткан.
Түркмөнстанда кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жыныстык азчылык өкүлдөрүнө каршы жасалган зомбулук тууралуу маалыматтар тастыкталбай же төгүндөлбөй келет. Мурунку союздук республикалардын ичинен Өзбекстанда да кумсалык үчүн мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.