General Motors мындан 100 жыл ашуун мурда негизделген жана Жапониянын Toyota компаниясынан кийин дүйнөлүк автомобиль өндүрүштөгү экинчи ири ишкана катары эсептелчи. Жеңил жана жүк ташуучу автомобиль чыгаруу, же аларды сатуу менен алектенген бөлүмдөрү дүйнөнүн 30дай өлкөсүнө жайылган эле. Компаниянын кубаты артып, гүлдөп турган жылдары анын жеңил жана жүк ташуучу автоунаалары эң мыкты деп саналуучу жана кардарлар сатып алууга ашыккандардын көч башында туруучу. Техника жана дизайн жагынан башка корпорациялар үчүн үлгү көрсөтө алуучу.
Бирок 1970-жылдардан тарта АКШнын автомобиль жасоочу башка ишканалары сыяктуу эле General Motors да үнөмдүүлүк факторуна, башкача айтканда күйүүчү майды аз керектеген кыймылдаткычтарды жасоого талаптагыдай көңүл бура алган жок. Натыйжада эл аралык базардагы, а түгүл Американын өзүндөгү үлүшүн Toyota, Honda өңдүү жапон компанияларына алдыра баштады.
Соңку жылдары мына ушундай жараян уланып келгенине кошул-ташыл былтыр күйүүчү майдын болуп көрбөгөндөй кымбаттоосу жана глобалдык экономикадыгы рецессия, адамдардын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшү, компанияга баш көтөргүс кылып сокку ургансыды. General Motorsтун башка артыкчылыктары бар, бирок жапондордукуна же европалыктардыкына салыштырмалуу үнөмдүү эмес автоунааларына көз жумуп келген кардалардын катары суюлду.
Эми банкрот болуу үчүн расмий түрдө арыз берүү менен General Motors өзүн кредиторлордун дооматтарынан коргоого мүмкүнчүлүк алат. Маалыматтарга караганда, компаниянын акцияларынын 60%ы АКШнын федералдык өкмөтүнөн колуна өтөрү күтүлүүдө. Мунун ордуна өкмөт General Motorsко 50 миллиард доллар өлчөмүндө жардам көргөзөт. Мындан сырткары компаниянын 12%акциясы Канада өкмөтүнүн колуна өтүп, ал General Motorsко 9,5 миллиард доллар насыя ажыратмакчы.
Компаниянын келечегине байланыштуу АКШ президенти Барак Обама бүгүн атайы билдирүү менен чыгаары күтүлүүдө. Ал быйыл жыл башында автоөндүрүштү сактап калуунун АКШ үчүн мааниси тууралуу мындай деген эле:
- Бул өнөр-жай башкаларга окшош эмес, бул - америкалык рухтун энтамгасы. Америкалык ийгиликтин бир кездеги жана келечектеги символу. Ал ортоңку классты калыптоого салым кошуп, аны 20-кылымдын ичинде кармап келди. Бул - америкалык жумушчулардын мууну үчүн терең канааттануунун булагы. Алардын кажыбас эмгеги жана кыялы бир кезде дүйнө билген мыкты автоунаалардын жаралуусуна алып барган. Бул - биздин экономиканын миллиондогон адамдардын кыялын орундаткан таянычы.
Маалыматтарга караганда, компания расмий түрдө банкрот деп табылган соң киргизилүүчү тышкы башкаруу 60-90 күндүн ичинде аяктайт. Бул жараяндан кийин General Motors мурдагыдай гигант ишкана болбойт, жумушчуларынын, заводдорунун өкүлчүлүктөрүнүн саны кыскарат. АКШ өкмөтү General Motorsко эгер жардам алгысы келсе, быйылкы жылдын 1-июнуна чейин компанияны реструктурзациялоо боюнча турмушка жарамдуу планды сунуш кылуусу үчүн мөөнөт берген.
Каржы министри Тимоти Гейтнер Кытайда иш сапары менен жүргөн жеринен америкалык автомобиль ишканаларынын реструктуризациялангандан кийинки келечегине бекем ишенимде экенин билдирди:
- Биз бул фирмалар (General Motors жана Chrysler) кайра кубаттуу болуп жаралып, өкмөттүн жардамысыз эле алга кете алат деген оптимисттик көз караштабыз. Себеби алар өтө олуттуу кайра түзүүлөрдү жүргүзүштү.
Банкроттукка бет алып жаткан General Motorsтун баш кеңсеси Детройтто жайгашкан. Америкалык авто өндүрүштүн борбору катары эсептелген бул шаардын тургундарынын бири Mary Kociuba, бирок азыркы жагдай аларды түпөйүлгө түшүрүп жатканын айтат:
- Мен Детройт жана а түгүл анын чет жакалары үчүн кооптонуп жатам. Көп адамдар автоунаага жана General Motorsко көз каранды. Мен ресторандар, бала бакчаларды, дегеле баарын эске алып жатам. Биз ич ара ушунчалык байланышканбыз.
Банкрот болуу үчүн арыз берүү компанияны кредиторлордун дооматтарынан коргосо, бул жараян учурунда жумушчулардын эмгек акысы, башка социалдык төлөмдөрү бериле берет.