Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

АКШда импичмент боюнча коомдук угуулар башталат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттарында президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянынын алкагында эмки аптадан тарта коомдук угуулар башталат. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын Чалгын боюнча комитетинин башчысы, демократ Адам Шифф 6-ноябрда кабарлады.

Ага ылайык, 13-ноябрдагы коомдук угууда АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор, мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Жорж Кент, 15-ноябрда болсо АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Мари Йованович көрсөтмө берет.


АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулунун Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты "ыйгарым укугунан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган.



Трамп дооматтардын баарын четке кагып, муну "президентке ыдык көрсөтүү аракети" деп баалаган.

Ушул күнгө чейин Өкүлдөр палатасында 10дон ашык Трамптын администрациясынын кызматкерлери жана дипломаттар көрсөтмө берди. Алардын дээрлик баары Трамптын Зеленскийге басым кылгандай аракетин белгилешкени менен бирөө дагы Трамптын ачык кийлишкенин ырастаган далил көрсөтүшкөн жок.

XS
SM
MD
LG