АКШда "Твиттер" компаниясынын мурдагы эки кызматкерине "Сауд Арабиясынын пайдасына тыңчылык" кылган деген айып тагылды. Алар менен кошо ортомчу, Саудиянын жараны да күнөөлөнүп жатат. "Үчөө "Твиттердин" колдонуучулары тууралуу купуя маалыматтарды чогултуп, падышалыктын бийлигине өткөрүп берип турчу, бул үчүн акча, кымбат баалуу белек алышчу", - деп айтылат соттук доо арызда.
Сөз Эр-Рияд бийлигин сындаган 6 миңден көп аккаунт тууралуу жүрүүдө.
Айыпталгандардын бири – АКШ жараны камакка алынды, калган экөө Сауд Арабиясында жүрүшөт.
Иран менен тиреште АКШнын негизги өнөктөшү саналган падышалык Батышта адам укуктарын бузуу үчүн көп айыпталып келет.