Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Кыргызстандык жаран Өзбекстанда кыйноодон көз жумду


Мыкаачылыктын жүрөк айланткан көрүнүшү
Мыкаачылыктын жүрөк айланткан көрүнүшү

Кыргызстандын Базар-Коргон районунун тургуну Нозим Мамадалиев Өзбекстандын Фергана шаарында милиция тарабынан кармалып, мыкаачылык менен жасалган кыйноонун натыйжасында 17 күндөн кийин каза тапты. Шордуунун туугандары мыкаачылык кылган кылмышкерлерди таап, жазалоо талабы менен Өзбекстандын бийликтерине кайрылды.

Базаркоргондук 36 жаштагы Нозим Мамадалиевдин өзбекстандык милиционерлердин кыйноосунан кийин көз жумганы жөнүндө кайрылууну Мамадалиевдин туугандарынын жактоочусу Азимжан Аскаров Өзбекстандын президенти Ислам Каримов баштаган бийлик өкүлдөрүнө жолдоду.

Андагы маалыматтарга караганда, Нозим Мамадалиевди жоголгон паспортунун ордуна жаңы паспорт алууга маалымат кат алуу үчүн Өзбекстандын Фергана шаарындагы адрес бюросуна барган жеринен милиция кармап кеткен.

Бир кезде жумушчу болуп иштеген жеринен мамлекетке 31 миллион сумдук чыгаша алып келген деп 2007-жылы коюлган айыпты мойнуна алдыруу үчүн аны милициянын абагында аябай кыйноого алышкан. Мыкаачылык менен кыйноонун натыйжасында Нозим Мамадалиев 30-апрелде каза болгон.

Туугандары Мамадалиевди өлүмгө кириптер кылган адамдар жазалансын, абактагы врач жана анын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөргөн Фергана облустук соттук-медициналык экспертиза кызматкерлери фактыны бурмалаганы үчүн жаза алсын деген талап коюшууда.

Базар-Коргон районунун соттук-медициналык экспертизасы Нозим Мамадалиев катуу кыйноодон улам каза болгон деген бүтүмгө келген, себеби анын денесинде көгөрбөгөн жери жок экендиги аныкталган.

Фергана шаарынын ички иштер башкармасынын өкүлдөрү Мамадалиевдин өлүмүнө анын кургак учук жана кара сарык менен оорусу себеп болгон деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG