Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:09

Кыргыз-өзбек чек арасын кайтаруу күчөтүлдү


Өзбекстандын Ханабад шаарында чыккан тополоңго байланыштуу эки өлкөнүн чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Өткөн түнү Ханабадда жардыруу болуп, адамдар өлгөнү жөнүндө айтылууда.


Эркин Европа/Азаттык радиосунун ишенимдүү булактарынан алынган маалыматка караганда, Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Ханабад шаарында өткөн түнү милиция бөлүмүндө жардыруу болду. Жардыруудан чыккан тополоңдо бери дегенде төрт адам мерт кеткени айтылууда.

Анжиян шаарына куралдуу күчтөр, бронеторанспортер, танкалар киргизилди. Облустагы район аралык блокпостторду кайтаруу күчөтүлдү.

Уюшкан топтун кол салуусу болуп, адамдар мерт болгондугу жөнүндө маалыматты Ханабаддын милициясы ырастады. Бирок окуянын чоо жайы, майда-бараты даана белгилүү боло элек.

Кыргызстан дагы мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү. Чек ара кызматы таркаткан маалыматтарга караганда, өткөрмө пункттарда чек араны кесип өткөн адамдарга жана транспортко эки тараптан тең катуу көзөмөл жүрүп, Сох анклавында жана чек арага чектеш айылдарда жашагандарга гана өтүүгө уруксат берилүүдө. Кыргызстан тарапты көздөй качкындар топтолгону же агылганы байкалбайт.

XS
SM
MD
LG