Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:54

Өзбек футболисттерин Сколари машыктырат


Луиз Фелипе Сколари
Луиз Фелипе Сколари

Өзбекстандын эң бай футбол командасы бир нече айдан бери бразилиялык легендарлуу футбол машыктыруучу Луиз Фелипе Сколари менен сүйлөшүү жүргүзүп келген эле. Соңку кабарларга караганда, кечээ жакында англиялык Челси командасын машыктырган Сколари ташкендик Бунйокордун жаңы менеджери болууга макул болду.

"Бунйодкор" Швецарияда катталган "Зеромакс" ишканасынын аткаруучу директору Мирадил Жалаловго тийешелүү. Өзбекстанда көп мүлккө ээ деп саналган "Зеромаксты" өз кезегинде маалымат каражаттары президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара менен байланыштырып жүрүшөт.

Мына эми 2002-жылы Бразилияны дүйнөлүк чемпион кылган даңазалуу Луиз Фелипе Сколари "Бунйодкор" менен бир жарым жылга келишим түздү. Маалымат каражаттары 60 жаштагы Сколари Ташкенде дүйнөлүк масштабдагы, бирок футбол үчүн картайып калган футболчуларды машыктыра тургандыгын жазышууда. Келишимдин наркы ачыкка чыгарылган жок, бирок адатта мындай макулдашуулар көп миллиондогон доллар менен өлчөнөт.

Башкасын айтпаганда да Бразилиянын футбол жылдызы, 37 жаштагы Ривалдо Өзбекстандын футбол чемпиону болгон "Бунйодкор" менен төрт жылдык контракт түзгөн. Ага ылайык, Ривалдо жумасына 131 миң доллар маяна алат. Буга салыштырмалуу, анын жердеши, ушул күндөрү АЦ Миланодон Реал Мадридге өткөн атактуу Каканын апталык маянасы 300 миң долларга чамалап барат.

Ташкенде азыр 150 миллион доллардык 35 миң кишиге эсептелген стадион курулуп жатат. "Бунйодкордун" интернет сайтындагы маегинде Сколари бул стадион келерки жылы март айында ачылганда, анын командасы үчүн жаңы заман башталаарын билдирди. “Айтор мен туура командага туура мезгилде келип жатам” дейт ал.

Сколаринин келишими канчага бааланганы белгисиз болгону менен, азиялык футбол баяндамачысы Жонн Дуерден эбегейсиз сумма жөнүндө сөз болуп жатат деп эсептейт.

“Команда канчалык белгисиз болсо, адатта маяна ошончолук жогору болот. Өзбекстан тууралуу Европада билгендер аз, ал жакта оюндун стандарттары төмөн, бирок футболдо машыктыруучулар да, оюнчулар да акча үчүн көчүп жүрө беришет,”- деп билдирди Дуерден "Евразия Вью" сайтындагы маегинде.

Сколари көпчүлүк билбеген командаларды жеңүүчү кылган чыгаан машыктыруучу катары таанылган. Бирок “Бунйодкордо" анын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү” дейт футбол боюнча дүйнөлүк "Гоул.ком" сайтынын Азия боюнча баяндамачысы.

Бул команда Өзбекстандын чемпиону, азиялык футбол чемпионатында да алтын медал алган. Азиялык футбол чемпионаты дүйнөдөгү эң атактуу мелдештердин катарына кирбейт, бирок дүйнөлүк Футбол федерациясы ФИФАнын жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк чемпионатына жолдомо бере алат.

“Бунйодкор" Сколаринин жардамы менен Азиядагы эң күчтүү команда болуп калышы мүмкүн. Бирок дүйнөлүк масштабда анын канчалык бийик көтөрүлө алаарын айтуу кыйын,” - деп эсептейт Дуерден.
XS
SM
MD
LG