6-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 20 метрге жетет. Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33 градус ысык болот,
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28 градус,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында түнкүсүн 12...14, күндүз 25...27 градус ысык болот.