Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Жикчил Абхазиянын экс-лидери шайлоого катышпайт


Жикчил Абхазиянын мурунку лидери Рауль Хажимба. Сухуми. 10-январь, 2019-жыл.
Жикчил Абхазиянын мурунку лидери Рауль Хажимба. Сухуми. 10-январь, 2019-жыл.

Жикчил Абхазия аймагында төрт күнгө уланган каршылык акцияларынан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Рауль Хажимба кийинки президенттик шайлоого катышууну көздөбөйт.

Бул тууралуу аймактын башчысынын отставкасын кабыл алган парламент мүчөлөрүнө жикчилдердин вице-президенти Аслан Барциц 13-январда айтты.

Ал Хажимба «аймактын саясий жашоосуна катышууну уланта берерин», бирок «шайлоого катышууну көздөбөй турганын» айтты.

Жикчил аймактын парламенти президенттин милдетин аткаруучу кылып өкмөттү башкарып келген Валерий Бганбуну дайындады.

Хажимба кызматтан чегинерин жекшемби кечинде жарыялаган. Андан мурда Жогорку сот 2019-жылдын сентябрь айында өткөн шайлоонун жыйынтыгын жаратпай салган. Ал добуш берүүдө Хажимба жеңишке жеткени жарыяланган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

9-январда аймактын борбору Сухумиде нааразылык акциялары башталган. Оппозициянын тарапташтары президенттин администрациясынын имаратын басып алып, Хажимбанын кызматтан кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жатышкан. 12-январда күндүз жаңы президенттик шайлоо 22-мартка белгиленгени маалым болду.

2008-жылы беш күндүк орус-грузин согушунан кийин 8-августта Абхазия Грузиядан бир тараптуу көз карансыздыгын жарыялап алган. Аны Орусия жана Африка менен Түштүк Америкадагы саналуу мамлекеттер гана тааныган. Батыш мамлекеттери жана Грузия тааныган эмес. Абхазияда Орусиянын миңдеген аскери жайгашкан.

XS
SM
MD
LG