Абылгазиев казынага 50 млн. сом төктү | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 24.08.21
Президент Садыр Жапаров жарандык коомдун катуу каршылыгына кабылган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документтин авторлору мыйзам "фейктерге" каршы иштей турганын айтып келишет. Коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналып кармалган экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулду. Ал бюджетке 50 миллион сом төгүп берди. "Талибан" кыймылы 12 адамдан турган Ооганстанды башкаруу кеңешин уюштура турган болду. Ага “Талибандын” саясий канатынын башчысы Абдул Гани Барадар баш болгон адамдар кирет.
Чыгарылыштар
-
Апрель 07, 2026Трамптын Иранга эскертүүсү эмне болот? | Жаңылыктар | 07.04.2026
-
Апрель 02, 2026Шаирбек Ташиев 16-майга чейин камалды | Жаңылыктар | 02.04.2026