Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Кабул ИМ тобунун лидерин Пакистанга өткөрүп берүүдөн баш тартты


"Ислам мамлекети" террордук тобунун Ооганстандагы бөлүмүнүн лидери, Аслам Фаруки деген ысым менен таанылган Абдулла Оразкай. 4-апрель, 2020-жыл.
"Ислам мамлекети" террордук тобунун Ооганстандагы бөлүмүнүн лидери, Аслам Фаруки деген ысым менен таанылган Абдулла Оразкай. 4-апрель, 2020-жыл.

Ооган өкмөтү «Ислам мамлекети» радикал тобунун колго түшкөн лидерин Пакистанга өткөрүп берүүдөн 10-апрелде баш тартты. Расмий Кабул муну эки мамлекет ортосунда экстрадиция тууралуу макулдашуунун жоктугу менен түшүндүрдү.

Бир күн мурда Исламабад ооган бийлигин аталган террордук топтун Ооганстандагы бөлүмүнүн башчысы Аслам Фарукини Пакистанга өткөрүп берүүгө чакырган.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Фаруки «Ооганстанда Пакистанга каршы ишмердүүлүк жүргүзгөн».

Расмий маалыматтарга караганда, Фаруки деген ысым менен таанылган Абдулла Оракзай Кандагар провинциясында 4-апрелде кармалган. Ал 2019-жылдын июль айынан бери «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун Ооганстандагы бөлүмүн жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG