Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Катарда “Талибан” кыймылынын саясий лидерлери менен жолукту. Абдул Гани Барадар менен Халилзад туткундагыларды бошотуу жараянын жана Оогандардын ички сүйлөшүүсүн баштоо тууралуу сүйлөшкөнү маалым болду.
Февраль айында Кошмо Штаттар менен талибдер 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол коюшкан. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын ички диалогу башталмак. Ал сүйлөшүүлөр оңунан чечилсе Вашингтон аймактагы өз аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болгон.
Халилзад 7-июнда Пакистан армиясынын башкы кол башчысы, генерал Камар Жавед Бажва менен Исламабаддагы АКШнын элчилигинде жолукту. Эки тарап “оогандардын ички сүйлөшүүлөрүнүн башталышы үчүн зарыл кадамдарды” талкуулашканын элчилик дүйшөмбүдө билдирди.
Пакистан менен Ооганстандын алакалары көп жылдан бери чыңалган бойдон турат. Кабул Исламабадды эл аралык жана ооган күчтөрүнө чабуул коюп келген талибдерге баш паанек берет деп айыптап келет.